Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Тажикстанда оппозициялык топтун лидери 30 жылга кесилди


Сухроб Зафар.
Сухроб Зафар.

Тажикстанда оппозиция өкүлдөрү узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. “Азаттыктын” тажик кызматы 17-октябрда билдиргендей, борбор калаа Дүйшөмбүдө сот өкмөттүн ишин кескин сындап жүргөн “Топ 24” оппозициялык тобунун лидери Сухроб Зафарды 30 жылга, ал эми аталган топтун мүчөсү Насимжон Шарифовду 20 жылга түрмөгө кести.

Экөөнө тең “экстремизм” деген негизде бир нече айып тагылган. Өкүм өткөп аптада чыкканын өз булактар кабарлашты.

“Топ 24тү” бизнесмен Умарали Куватов негиздеген. Аны 2015-жылы Түркияда өлтүрүп кетишкен.

Топ Тажикстандын өкмөтүн ачык сындап, өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүүнү талап кылган.

Бийлик бул бирикмени «экстремисттик» деп жарыялаган. Өзүлөрү эч кандай мыйзамсыз иш менен алектенбей турганын, элин сатпаганын, эч кимге зыян келтирбегенин айтышкан.

Экөө тең соттун мындай өкүмүнө каршы апелляция берери күмөн экени, Сухроб Зафар өмүрү өткөнчө абакта отурууга даярдыгын билдиргени айтылууда.

Тажикстан Борбор Азиядагы авторитардык өлкөлөрдүн бири, аны отуз жылдан ашуун убакыттан бери бир эле киши башкарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG