Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин карабай, таштап кеткендердин жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды.
Депутат Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоор каралып жатканда ата-энеси учурунда карабаган, зомбулук кылганы үчүн аларды карыганда баккысы келбеген балдар да бар экенин белгилеп, алардын жөнү кандай болорун тактап сурады.
"Балдарын бакпай, сабап, атүгүл зомбулук көрсөткөн ата-энелер бар. Кийин карыганда ошол баласы ата-энесин баккысы келбесе, алимент төлөгүсү келбесе кандай болот?", - деди Сурабалдиева.
Мыйзам демилгечилеринин бири - депутат Айсулуу Мамашева андай учурда бала ата-энесине алимент төлөбөө үчүн сотко кайрылууга укуктуу экенин билдирди. Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева эгер ата-эне баласына зомбулук кылганы же бакпаганы үчүн ата-энелик укуктан ажыратылса, алимент төлөнбөсүн тактады. Анын сөзүнө караганда, эгер ата-энелик укуктан ажыратылбаган болсо, анда баласы алимент төлөөгө каршы сотко кайрыла аларын түшүндүрдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында учурда Кыргызстанда балдарынын багуусуз калган 3655 карыя бар. Булар социалдык кызматкерлердин кароосунда.
Мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Алимент төлөө жөнүндө норма да каралат, 50-100 миң сом айып пул салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Кыргызстанда алимент өндүрүү тууралуу берилген арыздардын арасында ата-энелер уулуна же кызына каршы жазган арыздар да каттала турганы маалымдалган.
Бишкекте мамлекет каржылаган Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт.(ZKo)