Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:37

Орусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскартты


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын өкмөтү чет өлкөлүктөрдүн убактылуу жашоосуна берилген квоталарды бекитти. Ага ылайык, келерки жылы 5,5 миң уруксат берилмекчи. ТАСС кабарлагандай, бул – азыркыдан эки эсе аз.

Маалыматка ылайык, квоталар региондордун арыздарына жараша бөлүштүрүлөт. Эң көбү Москва шаары жана облусуна туура келет. Андан кийинки орунда Санкт-Петербург турат.

2001-жылы 39 миң чет өлкөлүк жаранга Орусияда убактылуу жашоо уруксаты берилсе, быйыл 10 жарым миң болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, региондор 7 айда анын 20 процентин гана колдонушкан.

РБК hh.ru порталындагы сурамжылоого таянып маалымдагандай, орусиялыктардын 80 пайызы эмгек мигранттарынын көптүгүнө арызданат. Өзгөчө транспорт, логистика, автобизнес, коопсуздук жана курулушта келгиндердин көптүгү нааразылык жаратууда.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин мигранттарга каршы маанай күчөдү. Кол салуу үчүн айыпталгандардын көбү, расмий версия боюнча, теги тажикстандыктар. Теракт кеминде 145 кишинин өмүрүн кыйган. Ошондон кийин мигранттарды негизсиз текшерүү, кармоо учурлары көбөйдү.

15-октябрда Мамлекеттик Дума Орусияда убактылуу жашоого уруксат алуунун жол-жобосун татаалдаштырды. Ага ылайык, эми орус жараны менен баш кошкон чет элдик андай уруксатты нике катталгандан үч жылдан кийин гана ала алат.

XS
SM
MD
LG