Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалды


Реза Вализаде. Архив
Реза Вализаде. Архив

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалганын 15-октябрда анын тууганы билдирди. АКШ жана Ирандын жараны Реза Вализаде бир топ жыл чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн. Маалыматка караганда, үч жума мурда кармалган журналист фарс тилиндеги чет элдик медиа менен кызматташканы үчүн айыпталууда.

Ирандын расмий өкүлдөрү Вализаденин кармалышын азырынча комментарийлеген жок.

Ал "Фарда" радиосунан ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фарс тилиндеги кызматы) эки жыл мурун кеткен жана бир нече убакыт чет өлкөлөрдө жашап жүрдү. Х социалдык тармагындагы 13-августтагы акыркы постунда Вализаде 16-мартта Тегеранга барганын жазган.

Журналист Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматы менен сүйлөшүүлөр "жарым-жартылай аяктаганын" маалымдаган. Бирок 14 жыл бозгунда жүргөндөн кийин өз эрки менен Иранга кайткан. Пост кандай шартта жазылганы белгисиз.

Кош жарандыгы бар ирандыктар буга чейин да Ислам жумуриятында атайын кызмат тарабынан кармалып, кылмыштарга айыпталган. Көбүнүн мүлкү конфискацияланган же камакка алынган. Айрымдарынын Ирандагы жакындарына кысым көргөзүлүп келет.

Тегеран чет элдик жарандарды, анын ичинде кош жарандыгы барларды мыйзамсыз камакка алуу же "барымтага алуу" менен өз талаптарын аткаруу үчүн чет элдик өкмөттөргө кысым көрсөткөнү үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG