Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Түштүк Кореяга иштөөгө 39 кыргызстандык жаран кетти


Түштүк Кореяга ишке бараткан кыргызстандыктар. 16-октябрь, 2024-жыл. (Расмий сүрөт)
Түштүк Кореяга ишке бараткан кыргызстандыктар. 16-октябрь, 2024-жыл. (Расмий сүрөт)

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Ишке орноштуруу борбору аркылуу 16-октябрь күнү корей тилин алдын ала өздөштүргөн 39 кыргызстандык жаран Түштүк Кореяга иштөөгө жиберилди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, чет өлкөлөргө ишке орноштуруу программасынын алкагында 17 жылдан бери кыргыз жарандары Түштүк Кореяда түрдүү тармактарда иштеп жатышат. Эки тараптуу меморандумга ылайык, 5 миңден ашуун жаран ишке орноштурулган.

Учурда бул программа менен 1,5 миңден ашуун кыргыз жараны Түштүк Кореяда тамак-аш, химия, кагаз өндүрүшү, пластик, резина жана айнек чыгаруучу заводдордо иштешет.

Орточо айлык акы 1,8 миң доллар, мигранттардын жашаган жери жана тамагынын бир бөлүгү иш берүүчүлөр тарабынан төлөнөт.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 150дөй компания бар. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убадалаган компанияларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG