Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча иш сотко өттү


Айтурган Маматкулова жолдошуна турмушка чыккан учурда түшкөн сүрөт.
Айтурган Маматкулова жолдошуна турмушка чыккан учурда түшкөн сүрөт.

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Октябрь райондук сотуна өттү. Биринчи соттук отурум 21-октябрга дайындалганын маркум келиндин апасы Гүлшайыр Сеитова билдирди.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.

Жолдошу август айынын аягында кармалып, ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагылган.

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну болчу. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тергеди. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Кыргызстанда ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган). (BTo/KE)

XS
SM
MD
LG