Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Арстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду


Арстанбап айылы сел каптагандан кийин. Июль айы.
Арстанбап айылы сел каптагандан кийин. Июль айы.

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында ушул жылдын июль айында болгон селге байланыштуу Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Аларга мыйзамсыз аракети менен мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген айып тагылууда. Кызмат адамдары ким экени, аты-жөнү ачык айтылган жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берип жибергени аныкталган. Кийин Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода жайлары курулган.

23-июлда болгон селден Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн.

Арстанбап айылында 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинени агызып кеткен. Андан тышкары үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG