Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

Боом капчыгайында автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет


Боом капчыгайы. Архив.
Боом капчыгайы. Архив.

Бишкек - Нарын - Торугарт автоунаа жолу Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 128-чакырымында таш кулатуу иштери 14-18-октябрга пландалган. Жол коопсуздук кызматкерлери унаалардын кыймылын чектеп, бир тараптуу жабат. Кезек күткөн транспорт каражаттары 30-40ка жеткенде, жол ачылып турат.

Мекеме таш кулатуу иштери унаа жана темир жол коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн белгилеп, жүргүнчүлөрдү сапарга чыгарда муну эске алууга чакырды.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG