Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Сегиз айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 9425 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 8976сы аялдарга, 449у эркектерге берилген. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси – “Үй-бүлөлүк зомбулук” менен 2611 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Түзүлгөн протоколдор боюнча 933 адам коомдук ишке тартылса, 1285 киши камакка алынган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.


Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Өзгөртүү киргизилген мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо жагы күчөтүлгөн. Ошондой эле кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо каралган.

Былтыр өлкөдө 13 миң 104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (BTo)

XS
SM
MD
LG