Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Прокуратура Алайда мөңгүлөрдүн талкаланышы боюнча иш козгоду


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Ош облусунун Алай районунда көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салуудан 9 миң куб метрден көп мөңгү талкаланганын жана бул факты боюнча кылмыш иши колгонун билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын кызмат адамдары көмүр кенине барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок эле “С” аталышындагы ишкананын өкүлдөрү менен Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр болгон жолду мыйзамсыз салганы аныкталган. Анын жыйынтыгында 9 392 куб метр мөңгү талкаланып, жер кыртышы бузулган.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү тергөөдө дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгы менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 10-октябрдагы жыйынында Алай районунун Чоң-Каракол айылында кытайлык делген инвесторлор мөңгүлөрдү талкалап жатканын айтып, чара көрүү керектигин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG