Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Орусияда миграция мыйзамы катаалдаганы жумушчу жетишсиз боло баштады


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Орусияда жумуш берүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо ишкана-мекемелерде чет элдик жумуш күчү жетишсиз болуп жатканын көрсөттү. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жарыялаган макалага таянып 8-октябрда “Свобода” радиосу жазды.

Сурамжылоого катышкан орусиялык компаниялардын жарымынан көбү (53%) чет жактан келген жумушчу-кызматкерлер жетишсиз экенин айтышкан.

Эмгек рыногунда эң көп суроо-талапка ээ болгондор арасында жумушчулар (53%), куруучулар (35%), тейлөө жана өндүрүш тармагында иштегендер (25%) бар.

Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РСПП) маалыматына караганда, компаниялардын үчтөн бири эмгек мигрантын жумушка алууда кыйынчылыкка туш болууда. Жумуш берүүчүлөрдүн 56% аларга кайрылган чет элдиктер арасынан өзүлөрүнө ылайыктуу адистерди таба албай турганын, 36% мигранттар орус тилин билбейгендиктен аларды кабыл ала албай кыйналарын, ал эми компаниялардын 19% Орусиянын бир катар аймагында миграция мыйзамдары өзгөрүп, катуулагандыктан чет элдик жумуш күчүн тартууда оорчулукка туш болуп жатканын айтышкан.

Соңку кезде, айрыкча “Крокус Ситидеги” окуядан кийин Орусияда мигранттарды чектеген мыйзамдар көп кабыл алынууда.

Бир катар аймактарда полиция кызматкерлери чет элдик жарандар жашаган жерлерге кирип барып, рейд уюштуруп, аларды кармап кетип жатканы тууралуу видеолор социалдык түйүндөргө тараган. Кээ бир учурларда кармалган мигранттарды согушка жөнөтүш үчүн мажбурлап аскердик каттоого алышкан. Ошол эле учурда жергиликтүү улутчулдардын да “рейддери” көбөйүп, алар мигранттарды жумуштан бошотууну, кыз-келиндердин жоолук салынып жүрүүсүнө тыюу салууну талап кылышкан.

2023-жылдын октябрь айында Мамлекеттик Думага чет элдик жарандардын мектепте, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, таксиде жана жүк ташууда иштөөсүнө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорлору киргизилген. Бир катар аймактарда таксиде жана башка да тармакта мигранттын иштөөсүнө уруксат жок деген эрежелер кабыл алынган.

Быйыл жыл башынан бери, Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция кызматкерлери өлкөдөн 65 миңден ашуун чет элдикти чыгарды, дагы 120 мигранттын бул өлкөнүн аймагына кирүүсүнө тыюу салынды. Орусияга агылган мигранттар боюнча көрсөткүч соңку 10 жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. (RK)

XS
SM
MD
LG