Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:17

Израил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө


Израил. 2024-жылдын 7-октябры.
Израил. 2024-жылдын 7-октябры.

Израил 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Эскерүү иш-чаралары израилдик аскерлер Газа секторунда жана Ливандын түштүгүндө, борбор калаасы Бейрутта чабуулдарын улантып жаткан кезде өтүүдө.

Таң эрте, саат 6:29да президент Ицхак Герцог баштаган жалпы улуттук Аза күтүү мүнөтү болду. Израил бийлиги билдиргендей, бир жыл мурда кол салуу дал ошол мүнөттөрдө башталган.

Бүгүн да Газа тараптан Израилдин ошол эле кыштактарына төрт снаряд атылганы, бирок эскерүү иш-чаралары үзгүлтүккө учурабаганы маалымдалды.

Иерусалимде ХАМАСтын колунда барымтада кармалып тургандардын жакындары, жалпысынан 100дөй адам премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин алдына чогулуп, акция өткөрүштү.

Айрымдар музыкалык фестиваль өтүп жатканда бир учурда 370тей адам өлтүрүлгөн жердин өзүндө чогулушту. Дорон Журно ал күнү кызы Карин Журнодон айрылганын айтууда:

"Абдан оор. Абалыбыз былтыркыдан анча деле айырмаланбайт. Күн өткөн сайын оор болууда. Бул оору азайбайт, күчөйт."

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Израил алардын бир катар жетекчилери жок кылынганын жарыялаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады.

Израил бир жылда Газада ХАМАСтын 4700 туннелин таап, ракета учуруучу 1000ге жакын аскердик куралын жок кылганын жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG