Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Президент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышат


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 7-октябрда Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков бар.

Буга чейин айтылгандай, 8-октябрда Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакасын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын мурдагы саммити былтыр 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG