Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгат


11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.
11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине сот өкүмү кийинки бейшембиге калтырылды.

Судья Кылычбек Истамкулов муну түштөн кийин башка отуруму бар болгондуктан, убактысы чектелүү экенине байланыштырды.

Сотко катышкан кабарчыбыздын маалымдашынча, 10 - октябарда айыпталуучулар Сапар Акунов жана Тыныстан Асыпбеков акыркы сөзүн сүйлөп, анан чечим чыгары күтүлүүдө.

Буга чейинки - 26-сентябрдагы отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген. Жапаров: "Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтуругузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", деген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG