Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:36

Мас абалында автоунаа айдаган Сот департаментинин кызматкери иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мас абалында автоунаа айдаганы видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Сот департаментинин басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, ал сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болгон.

1-октябрда Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мирлан Таалайбеков айдоочу мас абалында машине айдап баратканы тартылган видеону социалдык тармактарга жарыялаган. Анда айдоочу жол коопсуздук кызматкерине кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, Сот департментинде иштегенин айтканы видеого тартылып калган.

Жол коопсуздук кызматкерлери айдоочуну наркологиялык экспертизадан өткөрүп, ал спирт ичимдигин ичкени тастыкталган.

Ал Сот департаментинин чечими тууралуу комментарий бере элек.

Мирлан Таалайбеков жол эрежесин бузган айдоочуларды видеого тартып, аны социалдык тармактарга жайгаштырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG