Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Орусия Украинанын Угледар шаарын ээлегени кабарланууда


Угледар.
Угледар.

Бир катар маалымат булактары бүгүн 2-октябрда Орусия Украинанын Угледар шаарын ээлеп алганын жазып жатышат. Шаар орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн орусиялык Телеграм-каналдар да кабарлоодо. Украин тарап азырынча расмий маалымат бере элек.

Украиналык DeepState OSINT долбоору Донецк облусундагы, согуш башталгандан бери кармаш жүрүп келген, украин тарап үчүн стратегиялык жактан маанилүү бул чакан шаарды орус аскерлери ээлегенин жазды.

Орусиялык кабарчылар орус аскерлери Угледардын ар кайсы бөлүгүндө жүргөнү тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Украиналык «Суспільне» Угледардын көпчүлүк бөлүгү орусиялыктардын карамагында экенин, бирок айрым жерлери дагы эле украин аскерлеринин көзөмөлүндө турганын кабарлады.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары 2-октябрдагы баяндамасында Угледар Орусиянын көзөмөлүнө өткөнү анык болушу ыктымал экенин жазды, бирок бул жагдай Донецк облусунун батыш тилкесиндеги Орусиянын чабуулунун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртөрү күмөн экендигин белгиледи.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-октябрдагы маалыматында Угледар боюнча эч нерсе айткан жок, болгону, фронтто абал оор экенин билдирди.

«Фронтто абал оор бойдон калууда. Аскерлери жана техникасы жагынан артыкчылыкка ээ болуп турган душман биздин позицияларга тынымсыз чабуул коюуда. Украиналык коргоочулар баскынчылардын чабуулуна бекем туруштук берүүдө, душманды максималдуу жоготууга учуратууда», - деп айтылды Башкы штабдын маалыматында. (RK)

XS
SM
MD
LG