Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:20

Иран Израилге жооп кайтаруусу "аяктаганын" билдирди


Израил. 2024-жылдын 2-октябры.
Израил. 2024-жылдын 2-октябры.

Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотконун, эгер масштабдуу аймактык жаңжал коркунучу жаралып жаткан шартта кайрадан чара көрүү зарылчылыгы пайда болбосо соккуларын улантпай турганын билдирди.

1-октябрдын кечинде Тегеран Израилдин Ливандын түштүгүндөгү Иран колдогон «Хезболла» жоочулар тобуна каршы операциясына жооп катары Израилге баллистикалык ракеталары менен бүгүнкү күнгө карата эң чон деп бааланып жаткан жапырт чабуулун койду.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык түйүнүнө соңку чабуул Израилдин “Газадагы жана Ливандагы геноцидине” тиешеси бар “аскердик жана коопсуздук объектилерине гана багытталганын”, Иран муну “БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, өзүн өзү коргоо максатында” жасаганын жазды.

"Биздин аракетибиз эгер израилдик режим мындан ары да жооп кайтарууга аракет кылбай турган болсо, аяктады деп эсептелет. Ал эми эгер ошондой сценарий боло турган болсо, биздин жообубуз күчтүүрөөк жана катуураак болот", - деди Аракчи.

Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» 1-октябрдагы ракеталык чабуул «Хезболланын» лидери Хасан Насралланын өлүмүнө жооп экенин билдирген.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. АКШ аны террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израилдин абадан коргонуу системалары Иран учурган 180 ракетанын көпчүлүк бөлүгүн кармаганын, бирок айрым ракеталар өлкөнүн борбордук жана түштүк аймагына тийгенин армиянын расмий өкүлү Даниэл Хагари маалымдап, болжол менен бир сааттан кийин жарандар бомбадан жашынуучу жайлардан чыга берсе болорун жарыялаган.

Жалпысынан эки киши ракетанын сыныгы тийип жараат алганы, Батыш жээкте палестиндик бир киши каза болгону расмий маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бүгүн 2-октябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкууламай болууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Иран чоң ката кетирди жана кесепетин тартат» деп айтып, «Бизге ким кол салса, биз ага кол салабыз» деп белгиледи.

1-октябрдын кечинде Израилдин Тел-Авив шаарында ок атылып жана бычак менен кол салуу болуп, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, дагы тогуз киши жараат алды. Полиция бул окуяны «террордук чабуул» деп атады жана кол салган эки киши жок кылынганын маалымдады. Бул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок.

Соңку апталарда Израил «Хезболланын» Ливандагы турумдарына дээрлик күн сайын абадан сокку урууда, 1-октябрда бул өлкөнүн түштүк тилкесине жөө аскерлерин киргизип, операциясы тууралуу «Биз Ливан элине эмес, “Хезболлага” каршы күрөшүп жатабыз, ошону так түшүнүү керек» деп билдирди.

27-сентябрда Бейрутка удаа урулган соккулар менен "Хезболланын" алдыңкы өкүлдөрү, анын арасында Хасан Насралла жок кылынган. Ливан бийлиги авиасоккудан жай тургундар каза болгонун билдирген.

Израил бир эле учурда Ливанда “Хезболлага”, Газа тилкесинде ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (RK)

XS
SM
MD
LG