Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Токмок: аялын такай сабаган деген мурдагы аскер кызматкери камалды


Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Чүй милициясы Токмок шаарында аялын такай сабап жүргөн деген шек менен 1994-жылы тулган А.Б. аттуу мурдагы аскер кызматкери камакка алынганын билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгы бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын кабарлады.

“Милицияга 21-сентябрда Токмок шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө башталган. Окуя болгон жерге барганда А.А. атуу 1996-жылы туулган келин арыз жазып, күйөөсү аны такай сабап, күн көсөтпөй келгенин айтып чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү ал Улуттук госпиталга кайрылып, анда мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. 28-сентябрда кылмыш иши козголуп, келиндин күйөөсү камакка алынды, тергөө уланып жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова зомбулукка кабылган бул аял тууралуу акыйкатчыга, башкы прокурорго жана Ички иштер министрлигине кайрылган. Анда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап жүргөнүн, келин учурда оор абалда ооруканада жатканын, бирок жергиликтүү милиция кылмышка шектүүгө чара көрбөй жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан ажал тапты. 2010-жылдан бери 1100дөн ашуун аял каза болсо, анын үчтөн бири фемицид курмандыктары.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) уюмунун 2023-жылдагы отчетунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. Ушул эле рейтингде Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 90-орунда жана Казакстан 80-орунда турат. Ал эми Түркмөнстан 58-орунду ээлеп, аймактагы кыйла коопсуз өлкө катары сыпатталган.

XS
SM
MD
LG