Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Министр Кулубаев АКШнын Кыргызстандын демократиялык өнүгүсүүнө салымын белгиледи


Жон Басс жана Жээнбек Кулубаев.
Жон Басс жана Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын алкагында АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Жон Басс менен жолугушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жолугушуу 26-сентябрда өткөнүн билдирди.

Анда министр Кулубаев Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүндөгү АКШнын маанилүү ролун белгилеп, өлкөдө саясий институттарды, сөз эркиндигин жана адам укуктарын бекемдөө боюнча кызматташуу улантылаарын билдирди.

27-сентбярда Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен С5+1 форматында жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы катышкан.

Расмий Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда мурдагы президент А.Атамбаевдин бийлигинин тушунда расмий Бишкек стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы шылтоо болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо жүрүмү улантылып жатканын гана белгилеп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG