Абактагы Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды
Прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар айыпты четке кагып, соттон аларды актоону талап кылды. Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады. Эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “шантаж” деп атады. “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы директору, экс-депутат Эмилбек Жусупов кармалды. Милиция компания үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталганын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Январь 22, 2025
Татарстан: Мигранттарды коргонуу ишканаларына тартуу сунушталды
-
Январь 21, 2025
Казакстан: "Сатира - кылмыш эмес" деген активисттер кармалды
-
Январь 17, 2025
Ташиев Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл болгонун" айтты
-
Январь 15, 2025
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды