Союз тарагандан кийин жеке менчикке өтүп кеткен заводдун имараттарын, жалпы 61,2 гектар жерин мамлекетке кайтаруу аракети жүрүп жатат. Бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети көтөргөн. Азыркы тапта заводун аймагында 80ге жакын компания иш алып барууда. Алардын катарында “Баркад”, “Кирби”, “Бай элим”, “Русичи фарм”, “Элегия” сыяктуу ири ишканалар бар. Алар мэриянын доосунан чочулашып, бизнеске терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып жатышат.
Соттук ишке негиз болгон УКМКнын каты
2024-жылы 16- февралда УКМК Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине кайрылып, мурдагы “Фрунзе” заводунун жеке менчикке өтүп кеткен 61,2 гектар жерин мамлекетке кайтарып алуу өтүнүчүн келтирген. Эки барактан турган кайрылуу мындай деп башталат:
“УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндө жайгашкан мурда М.В.Фрунзе заводуна караштуу мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз жоюу жана жеке менчикке өткөрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатат”.
Бирок УКМКнын маалыматында айтылган кылмыш иши качан козголгону, анда кимдер айыпталып жатканы белгисиз болуп турат.
Атайын кызматтын катында 1995-жылы Фрунзе заводун жоюу чечими кабыл алынганы, Кыргыз Республикасынын кайра түзүү жана жоюу боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен Михаил Парушкура ликвидатор болуп жайындалганы айтылат. Ошол жылдан тарта Парушкура, анын ишенимдүү өкүлдөрү Галина Кондаурова жана Ирина Миржалалова тарабынан 77 келишим түзүлүп, заводдун имараттары, жери жеке менчикке өткөн. Бирок кандай баада кеткени боюнча так маалымат жок.
Негизи Фрунзе заводу Кыргызстандагы башка ондогон ишканалардай PESAC программасынын алкагында жоюлган.
PESAC – Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары рентабелдүү эмес деп эсептелген мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү, таратуу, менчиктештирүү программасы. 1993-1996-жылдары Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылган.
Атайын кызмат Фрунзе заводунун жери жалпы пайдаланууда болгонун, Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, аны менчикке өткөрүп берүү мыйзамсыз экенин жүйө келтирген.
“Жогоруда баяндалгандын негизинде жана мамлекеттик мүлктү менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысынын аныкталганын эске алуу менен, мүлктү, тактап айтканда, Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан аянты 61,2 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча доо коюу маселесин кароону өтүнөм”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Атайын кызматтын кайрылуусун алгандан эки апта өтпөй, 29-февралда мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 1995-жылдан 2004-жылга чейин түзүлгөн 77 келишимди жокко чыгарууну өтүнгөн. Алар эмне себептен дээрлик 30 жылдан кийин сотко кайрылганын мындай деп түшүндүрөт:
“Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Михаил Фрунзе атындагы заводду мыйзамсыз жоюу жана комбинаттын мөөнөтсүз пайдалануусунда болгон жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары тууралуу УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын 2024-жылдын 16-февралындагы катынан гана билди. Демек, департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110-беренесинде каралган административдик доо коюунун үч айлык мөөнөтү сакталган”, - деп айтылат Муниципалдык мулкту башкаруу департаментинин сотко жазган доосунда.
Мэриянын позициясы, ишкерлер чочулаган иш
Сотто Мэриянын мүлктү башкаруу департаменти доогер (истец) болсо, жоопкер катары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары боюнча филиалы өтүп жатат. Мэрия ушундай жол менен 77 алып-сатуу келишимин жокко чыгарып, заводдун 61,2 гектар жерин мамлекетке кайтарууну максаты кылууда.
Иште жоопкер катары өтүп жаткан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги мындан 25-30 жыл мурун берилген документтер мыйзамдуу экенин айтууда. Агенттиктин Бишкек шаары боюнча филиалынын укук бөлүмүнүн башчысы Алымкул Токтомамбетов мэриянын доо арызындагы жүйөлөр боюнча мындай деди:
"Биз кызыл китеп берген соң алардын укуктарын колдойбуз. Биз каттап жаткан учурда иштеген эмесмин. Бирок архивдик документтерге ылайык, ошол учурда мыйзамдуу деп каттап, керектүү документтерди бергенбиз. Азыркы учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. Сот кандай чечсе ошого жараша болот. Биз эки тарапка тең тартпайбыз. Мыйзам боюнча гана иш алып барабыз. Эгер сот келишимдерди жокко чыгара турган болсо, анда жер мамлекеттин карамагына өтүп кетет".
Ал эми Фрунзе заводун убагында сатып алгандар үчүнчү тарап катары сотко катышууда. Алар 12-13-сентябрдагы отурумда сотко үч өтүнүч келтиришти. Бирок ишти карап жаткан судья алардын бирин да канааттандырган жок. Заводдун жерине байланыштуу кийинки отурум 27-сентябрга дайындалды.
Заводдуy имараттарына, анын жерине ээлик кылгандар журналисттерге маалымат бергенден кооптонуп, окуянын ачыкка чыгып кетишинен чочулап жатышат. Алар мамлекеттик мекемелерди өзүбүзгө каршы коюп алабыз деп коркушат. Соттук териштирүү башталгандан кийин ассоциация түзүшүп, анын жетекчиси Асел Түркебаева гана маек берүүдө.
“Биз алдын ала жыйынтык чыгаргыбыз келбейт. Бирок бардыгы сарсанаа болуп жатышат. Анткени ар биринин жеке менчик мүлкү жөнүндө сөз болуп жатат да. Мындан тышкары бул жерде имарат ижарага алгандар дагы бар. Алар да сарсанаа болуп жатышат, Анткени имараттарды жаңылаганга, жабдыктарды сатып алууга миллиондорду салышкан да. Жаңы пайда болуп жаткан көйгөйдү мамлекет башчылары угуп, аны калыс карап, чечип берет деп үмүттөнөбүз”.
Асел Түркебаеванын айтымында, заводдун ичинде “Баркад”, “Кирби”, “Бай элим”, “Русичи фарм”, “Элегия”, “Кыргыз-орус метал базасы”, “Альфа ойл”, “Евразия Түркистан”, “Строй снаб”, “Транс электро” сыяктуу 70ге жакын компания жайгашып, ишкерликтин ар кандай түрү менен алектенет.
Башында заводдун имараттарын 77 жеке жана юридикалык жактар сатып алган болсо, азыр менчик ээлеринин саны 80ден ашып кеткени айтылып жатат. Айрым имараттар бир нече кишиге сатылып кеткен.
“Адамдар талкаланган, таштанды толгон цехтерди сатып алган да. Аны алгач тазалап, андан кийин насыя алып, көп каражат салышты. Айрымдары азыр да курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын алды азыркыга чейин насыяларынан кутула элек. Азыр өлкөнүн экономикасы өсүп жатат. Ага биздин да түз салымыбыз бар”, - деди Асел Түркебаева.
Чындыгында эле заводдун айрым имараттары жасалып, андагы компаниялар күпүлдөп иштеп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда мурдагы заводдун аймагы каралбай калганы байкалат. Андагы имараттардын айрымдары ураган абалда болсо, анын ичиндеги жолдор да жасалбай, дайыма чаң басып турат экен.
Азырынча мурда Фрунзе заводу жайгашкан 61,2 гектар жердин тагдыры кандай чечиле турганы белгисиз. Мэрия эгерде соттон утуп ала турган болсо, жерди кандай максатта колдоноорун ачыктаган жок. Бирок “Азаттыктын” өздүк булактары ал жерге көп кабаттуу үйлөр курулуп, мамлекеттик ипотекага берилиши мүмкүн экенин айтып жатышат.
Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин юридика бөлүмүнүн башчысы Арсен Кыдыралиев мындай деди:
“Азырынча Фрунзе заводу боюнча кандайдыр бир план жок. Баштапкы документтерди гана жокко чыгарууга аракет кылып жатабыз. Эгерде жерге байланыштуу алгачкы каттоо, алгачкы документтер жокко чыга турган болсо, анда андан кийинки келишимдерди жокко чыгаруу иштери жүрөт. Андан соң Фрунзе атындагы заводду муниципалдык менчикке кайтаруу аракет башталат”.
Административдик соттогу кийинки отурум 27-сентябрга дайындалган. Соттук териштирүү качан бүтөрү азырынча белгисиз. Ал эми заводдун аймагындагы компаниялардын ээлери маселебизди бийликтегилер калыс чечип берет деп үмүт кылышат.
"Мамлекет ишкерлердин чыгымын төлөп берсе..."
Негизи соңку маалда 1990-2000-жалдары менчиктештирилип кеткен имарат, жер тилкелердин көбү мамлекеттин эсебине кайтарылып жатат. Мындай фактылардын башында УКМК туруп, алардын айрымдары аукцион аркылуу сатылууда. Быйыл июнь айында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мындай деген:
“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып, же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам, же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек. Мисалы, Жалал-Абадда чоң автобазаны кайтардык. Ал жерге бала бакча салынат”.
Бул окуянын дагы бир тарабы бар. Мындан 30 жыл мурун мамлекеттик имараттарды менчикке чыгаруунун башында да мамлекет турган. Ошондо сатылып же жеке жактарга өткөн мүлктөрдүн көбүнүн ээси алмашып, колдон - колго өтүп кеткен. Ушундан улам аларды мамлекетке кайтарууда ишкерлер жабыркап жатканы айтылып келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров буларды айтты:
"70тен ашык менчик ээлеринин арасында заводдун имараттарын кийин сатып алгандар дагы бар да. Эгерде мамлекет Фрунзе атындагы завод мыйзамсыз менчиктештирилген деп эсептесе, анда ишкерлердин чыгымын, алардын башка жерге көчүүсүн эсептеп, компенсация бериши керек. Күчтүү мамлекеттер ошентет. Анткени 1995-жылы деле мамлекет, анда иштеген адамдар менчикке берген да. Ошол жердеги ишкерлерге зыян алып келгени туура эмес. Болбосо ар бир ишкер ойлонуп калып атат. Анткени Фрунзе атындагы заводдон тышкары деле 90-жылдары жер, мүлк алгандар кайрылып атышат. Андан бери 30 жыл өтүп кетти. Бул узак мөөнөт. Мүмкүн мыйзамсыз иштер да болгондур. Андай окуялар аныкталса, анда ошол адамды соттон, зыянды ошондон алуу туура болот. Болбосо маңдай тери менен тапкан акчага оокат алган адам эмнеге зыян тартышы керек?".
Азырынча Фрунзе заводунун имараттары, жери кандай чечилери белгисиз. Бирок ушундай өңүттөгү иштердин көбүндө сот чечими мамлекеттик мекемелердин пайдасына чыгып, УКМК көздөгөн имараттарын өкмөткө кайтарып жатат.