Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысы Мамбеталиевге иш козголду


Рафик Мамбеталиев.
Рафик Мамбеталиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиевге кылмыш ишин козгоду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жатканын билдирди. Райондук сот 13-сентябрда Рафик Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап, УКМКнын тергөөчүсүнүн аны камакка алуу өтүнүчүн четке кагып, 21-октябрга чейин үй камагына алды.

Атайын кызмат кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Рафик Мамбеталиевдин адвокаты менен жакындарынан да комментерий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Рафик Мамбеталиев бир нече жыл укук коргоо органдарында иштеген. Буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG