Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ЕБ Грузияны ЛГБТга каршы мыйзам боюнча чечимин өзгөртүүгө чакырды


Грузия. Адам укуктарынын корголушун талап кылган акциялардын биринде.
Грузия. Адам укуктарынын корголушун талап кылган акциялардын биринде.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Грузия бийлигин ЛГБТ өкүлдөрүн чектеген мыйзам долбоору боюнча чечимин өзгөртүүгө чакырды. 18-сентябрда Х социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө ал:

«Грузин бийлиги кабыл алган мыйзам адамдардын негизги укуктарына шек келтирет, басмырлоону жана кордоону күчөтөт. Мен Грузияны Евробиримдикке карай жолунан оолактатуучу бул чечимин жокко чыгарууга чакырам», — деп жазды.

Грузия парламенти 17-сентябрда ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын чектеген, алардын түрдүү иш-чараларды уюштуруусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун үчүнчү, жыйынтыктоочу окууда колдоп, кабыл алган.

Оппозициядагы депутаттар добуш берүүнү бойкоттоп, натыйжада мыйзам 84/0 добуш менен жактырылган. Ушул эле күнү борбор калаа Тбилисиде, парламент имаратынын алдында нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары өкмөт грузин коомчулугундагы үй-бүлө маселесинин чыныгы көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырып жатканын айтып чыгышкан.

«Үй-бүлө баалуулуктары жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө» деп аталган укуктук актылар пакети аркылуу жалпысынан 18, анын ичинде сөз жана ой эркиндиги тууралуу мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизилет.

Адам өзүн жаралгандагы жынысынан башка гендер катары көрсөтө алат же алып жүрө алат деген ойду жайылткан түрдүү жыйындарга, иш-чараларга тыюу салуучу мыйзамды бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы иштеп чыгып, сунуштаган.

Быйыл жайында Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы да оппозициянын нааразылыгына, миңдеген киши катышкан акцияларга карабастан кабыл алынган.

ЕБ өлкөлөрү да, АКШ да грузин бийлигин мындай демилгеден баш тартууга үндөшкөн, бирок акыры мыйзам кабыл алынгандан кийин Еврошаркет грузин жарандарына берилген визасыз режимди токтотууну сунуштаган, ал эми АКШ бул өлкөдөгү “демократияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жооптуу адамдарга” санкция жарыялаган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

Быйыл 26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Саломе Зурабишвили өлкө бул күнү «же Орусиянын кулу болуу, же Европа менен кызматташуу» жолун тандай турганын айткан.

Эл арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыркы тапта «Грузин кыялы» эң популярдуу партия болууда.

2023-жылдын 14-декабрында Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга талапкер макамын расмий түрдө берген. (RK)

XS
SM
MD
LG