Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Жоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылды


Жоомарт Карабаев. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу анын Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Катта президенттен ага каршы куугунтуукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алууну сураган. Жоомарт Карабаев катты адвокаты Акынбек Ногоев берген. Бул маалыматты адвокат да ырастап, Жоомарт Карабаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн, биринчи соттук отурум 8-октябрга дайындалганын айтты. Атайын кызмат катка байланыштуу комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG