Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

​Төрөбаев майда дыйкан чарбалар кооперативге биригерин билдирди


Бакыт Төрөбаев. Бишкек. 15-февраль, 2024-жыл.
Бакыт Төрөбаев. Бишкек. 15-февраль, 2024-жыл.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатында жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, министр Бакыт Төрөбаев 2030-жылга чейин майда дыйкан чарбаларды 424 кооперативге бириктирүү пландалып жатканын билдирген.

"Кооперация боюнча негизги талап ири товардык өндүрүштү өркүндөтүү жана ирилештирүү процессин стимулдаштыруу болуп саналат. Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары, кимдин 1 миллион сомго чейин насыясы болсо, мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар. Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши керек. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт. Кайракы жерлер өздөштүрүүгө жеңилдетилген шартта берилет”, - деген Төрөбаев.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53127 гектар жер бөлүп берилген. Кооперативдерге “Айыл чарбасын каржылоо-12” жана “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорлору жеңилдетилген насыяларды берген.

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-2028-жылдар аралыгында багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыккан. Расмий маалыматта бул программа экспорт жана тышкы соодадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууну көздөй турганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG