Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Европанын айрым өлкөлөрүн сел каптап, кеминде 11 киши каза болду


Польша.
Польша.

Борбордук жана Чыгыш Европада селдин айынан өмүрү кыйылгандар кеминде 11 адамга жеткенин бүгүн 16-сентябрда Deutsche Welle билдирди. Чех полициясынын маалыматына караганда, Брунтал шаарындагы Красовка дарыясында бир киши сууга чөгүп каза болду, өлкөнүн ар кайсы аймактарында дагы жети кишинин дайыны табылбай жатат. Австрияда суу каптаган үйлөрдө эки кишинин сөөгү табылды.

Буга чейин каза болгондор кеминде сегиз адам (Румынияда алты, Австрияда бир жана Польшада бир) экени кабарланган. Табигый кырсыкка тынбай жааган нөшөр жаан, катуу шамал жана кээ бир аймактарда жааган кар себеп болду.

Суу миңдеген үйлөрдү каптап, электр энергиясы менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учурады.

Польшанын түштүгүндө табигый кырсык режими жарыяланды. Ныса дарыясында суу жээктен чыгып, үйлөрдү каптады жана бир нече көпүрөнү агызып кетти. 350дөй бала бакча менен мектептин иши убактылуу токтотулуп, кээ бир жерлерде жергиликтүү тургундар тик учак менен эвакуация кылынды. Мындай абал Польшада акыркы жолу 1997-жылы катталганы расмий кабарланды.

Румыниянын чыгышындагы Галац уездинде сел 12 калктуу пунктту каптаганы, кээ бир жерлерде суунун деңгээли 1,5 метрге чейин көтөрүлгөнү, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылганы, дагы эки киши дайынсыз экени маалымдалды.

Австрияда, Reuters агенттиги кабарлагандай, суу каптаган жерлерде адамдарды куткаруу операциясы маалында өрт өчүрүү кызматынын бир кызматкери каза тапты. Төмөнкү Австрия толук бойдон "кырсык зонасы" деп жарыяланды, ал жактан болжол менен 1 миңдей үйдүн тургундары эвакуация болду.

Чехияда Морава дарыясы ташкындап, миңге чукул калкы бар Литовел шаарынын дээрлик 70% каптады. Шаарда электр жарыгы өчүрүлүп, мектеп жана медицина жайлары убактылуу жабылды. Эң көп жабыркаган шаар Есеник болууда. Куткаруучулар 230 адамды аман алып калышканын, 2000ге жакын жергиликтүү тургун эвакуацияланганын бийлик билдирди. Жалпысынан жети кишинин дайыны табылбай жатканы, Брунтал шаарынын чет жакасындагы Красовка дарыясына бир эркек киши чөгүп кеткени белгилүү болду. Сел Крнов жана Опава шаарларынын айрым жерлерин да каптады. Борбор калаа Прагада Влтава суусу коопсуз деңгээлде сакталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG