Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Жарандарды Орусияга мыйзамсыз ишке тарткан чет элдик аныкталганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды Орусияга ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, аталган адам тиешелүү уруксаты, мыйзамдуу негиздери жок Орусиянын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде жарандарды ишке орноштурууну убада кылып келгени аныкталган.

Ал жарандарды социалдык тармактар жана башка бейрасмий каналдар аркылуу өзүнө тартып, “тез арада” жумуш сунуштап келгени маалыматта белгиленген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

12-сентябрда аталган министрлик кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен алектенген 11 агенттиктин иши токтотулганын кабарлаган. Мекеме ишине тыюу салынган агенттиктердин жана алар ишке орноштуруп келген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, иши токтотулган "Вайс Групп", "Селф виза", Fly Go, "Гоу Ту Германи" жана башка бир топ агенттиктер жарандарды Германия, Түркия, Польша, Венгирия, Болгария, Финляндия, Орусия, Литва, Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарга жумушка орноштуруу менен алектенип келген.

АКШга, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылып, ондогон адамдын акчасын алгандан кийин из жашырып кеткен учурлар катталган. Ири суммасын алдатып, милицияга кайрылган фактылар бар.

ИИМдин маалыматында, быйыл үч ай ичинде Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу беренеси менен 59 факт катталган. Бул беренеге ылайык, айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Расмий маалыматка караганда, ушул убакка чейин Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштеп келген. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG