Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Израил аскерлери Женинден жана Батыш жээктеги качкындар лагеринен чыгып кетти


Батыш жээктен Израилдин аскерлери чыгып кеткенден кийинки көрүнүш.
Батыш жээктен Израилдин аскерлери чыгып кеткенден кийинки көрүнүш.

Израилдик аскерлер Женин шаарынан жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги качкындар лагеринен чыгып кеткенин Палестинанын маалымат агенттиги (WAFA) билдирди. Аскерлер ал жакта августтун этегинен бери "терроризмге каршы операция" деп айталган рейдди улантып жаткан эле.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин бул операциясында 21 киши каза болгонун жана кеминде 130 адам жараат алганын билдирди.

AFP бир канча күнгө созулган операциялардан качкан тургундар Женинге кайтып, урандыларды тазалай баштаганын жума күнү кабарлады.

BBC радиосу Израил Батыш жээктеги лагерди Ирандын жардамы менен түзүлгөн “палестиналык куралдуу топтордун таянычы” деп эсептей турганын жазды.

"Аль-Жазира" каналы Израилдин аскерлери Иордан дарыясынын батыш жээгинин башка райондорунда, атап айтканда, Наблус жана Балат качкындар лагерлеринен кете элек. Ошондой эле Вифлеем, Хеврон жана Рамалла райондорунда рейддер уланууда.

Израилдин 28-августта Батыш жээктин түндүгүндөгү бир катар райондордо баштаган аскердик операциясы акыркы 20 жылдагы эң ири операция болуп калды. Анын максаты согушчан топторду жок кылуу деп айтылган.

XS
SM
MD
LG