31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы майрамдалып, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында негизги майрамдык салтанат болуп өттү. Быйыл Көз карандысыздык күнүнөн тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы да белгиленди.
Эгемендик күнү: Аянттагы майрам

1
31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык иш-чара дээрлик беш саатка созулду.

2
Салтанат алгач даректүү тасма менен башталып, андан соң 100 жылдык тарыхты камтыган театралдаштырылган оюн-зоок жана көргөзмөлөр менен коштолду.

3
Иш-чара дрондордун коштоосунда шоу программа менен коштолду.

4
Майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Бишкектин тургундары жана коноктору күбө болду. Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендик күнү жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, “көп этностуу элибиздин достугу жана биримдиги – мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү” деп билдирди.

5

6

7
2020-жылдагы пандемия маалындагы окуяларды сахналаштырылган көрүнүш.

8
Балбан Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандык спортчулардын параддан өтүп жаткан учуру.

9
1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктары тууралуу көрсөткөн майрамдык салтанаттын сахналаштырылган бөлүгү.

10

11

12
Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автоном облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

13
Аянтта уюштурулган негизги майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

14

15

16
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

17

18
Аянттагы салтанатта жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулады.