Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Ооган кыргыздарынын тасмага айланган тагдыры


"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильми.
"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильми.

Журналист, документалист-режиссер Жаңыл Жусупжандын "үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) аттуу фильми 15-августта Бишкекте көрсөтүлдү. Анда Ооган кыргыздарынын кыргыз жергесиндеги турмушу, башынан өткөргөн түрдүү сыноолору чагылдырылган. 

"Короодогу кинотеатр"

Жаңыл Жусупжандын кезектеги документалдык тасмасы чоң экраны бар, заңгыраган кинотеатрдын кенен залында эмес, ачык асман алдында, калаа ичиндеги катардагы бир жупуну жер үйдүн короосунда көрсөтүлдү. Балким бул да автордун, уюштуруучулардын атайын мүдөөсү болгондур. Алар ушул жол менен көрүүчүнүн көңүлүнө бир таасирдүү ойду калтыргысы келгендир.


Саат кечки сегизден өткөндө кинону көрүүнү каалагандар Батыш №19 (Западная) көчөсүндөгү үйдүн короосуна чогула баштадык. Жарым саатча убакыттан кийин түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн жыйырма-отуздай көрүүчү топтолуп, көптөн күткөн кино башталды.

"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильмин көрүүгө келгендер.
"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильмин көрүүгө келгендер.

"Өз тагдырымды тарттым"


Документалдык эмгек Ооганстандын Вахан өтмөк өрөөнүндө жашаган кыргыздар жөнүндө экен. Алардан бир канча үй-бүлө Нарынга көчүп келип байырлаганы, күнүмдүк турмуш-тиричилиги, баштан кечирген кыйынчылыктары баяндалыптыр.


Бул окуялардын баары тасмадагы башкы каарман Нурулхактын жашоосу менен ачылыптыр. Эмгектин өзгөчөлүгү – анда автор эч кандай жеке пикирин билдирбейт. Ал болгону ооган кыргыздарынын турмушуна баам салып, алардын көргөндөрүн көрүүчүгө көрсөткөн.

Ооганстандын бийик тоолуу, ак кар, көк муздуу ээн аймагын байырлап көнгөн эл шардана турмушка, жергиликтүүлөрдүн мамилесине көнө албай, кайра Памир көздөй сапар тартабыз деп турганы, купуя таарынычтары тасманын негизги бөлүгүн ээлейт.

Башкы каарман Нурулхак.
Башкы каарман Нурулхак.

Нурулхак улам чамынып, жергиликтүү бийлик башындагыларга кайрылып, туулган жерине кетерин байма-бай билдиргени, расмийлер аларды жайгарганы көрүүчүнү тынчсыздандырат, ойлондурат.

Тасманын автору Жаңыл Жусупжан бул эмгекте өзүмдүн тагдырымды тарттым дейт:

Жаңыл Жусупжан.
Жаңыл Жусупжан.

“Документалистиканын жакшы жагы – өзүңдү эле тарта берет экенсиң. Бул тамашадай көрүнөт, бирок чындыгында булардын башына түшкөн окуялар менин тагдырыма окшоп турат. Себеби биз да тоодон түшүп келип, цивилизациялуу элдин арасына аралашканбыз. Алар деле бизди дароо кабыл алган эмес, сиңише албай жүрүп, бир топ жылда гана акырындан көнгөнбүз. Кинодогу каармандарым да ушундай тагдырды баштан кечирүүдө. А жергиликтүүлөр булар кыргыз тилде сүйлөсө эле окшошпуз деп ойлойт. Чынында тили бир болгону менен маданияты, үрп-адаты такыр бөлөк. Мисалы, тасмада көпүрө сынып калып, оогандыктардын балдары сүтү жок калды. А жайлоодогу малга жетүү үчүн эки-үч сааттап барабыз деп жатат. Ошол эле маалда жергиликтүүлөр машине айдап жүрүшөт. А булар айдоочулук күбөлүк алалы десе, орус тилин билбейт, документ алуучу системаны да түшүнбөйт. Азыр дегеле дүйнөдө адамдардын жер которуусу көп болууда. Кайсы өлкөгө барсаң, алардын мыйзамын, эржесин, мамилесин үйрөнүшүң керек. Ушул менен эле бир өмүр өтүп кетет. Ушунун баарын тасмада көтөргүм келди”.

Уламышка айланган Үркөр жылдызы



Тасманын “үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деген аталышы да элдик ырдан алынган.

Кыргыз мифтеринде Үркөр жөнүндө айтылган баяндар өтө көркөм сүрөттөлөт.

Алардын бирине келсек, Үркөр адамдан жаралган үч жылдыз, ал ар жылы кырк күндөн жерге түшүп кайтат деп билишкен. Ал тургай Үркөргө адамча мамиле жасашып, жогорудагыдай ырлар жаралган. Ушул жагынан алып караганда, автор өз каармандарын Үркөргө салыштырганы да мыкты табылга болгон.

Документалдык тасма аяктагандан кийин Жаңыл Жусупжан менен көрүүчүлөр эркин баарлашып, фильм талкууланды.

Жаңыл Жусупжан көрүүчүлөр менен баарлашууда.
Жаңыл Жусупжан көрүүчүлөр менен баарлашууда.

"Көпчүлүк көрүшү керек"


Көрүүчү Байтур Токтосунов фильм тууралуу мындай пикирин билдирди:

“Бул абдан кызык фильм болуптур. Биринчи жолу берилип көргөн тасма болду. Тасмадагы көйгөй мага да тааныш. Анткени БААУда окуп жүргөндө дал ушул темада “Кош, мекен” аталышында документалдык тасма тартканбыз. Убактысы мындан кыскараак болгону менен темасы, көтөргөн көйгөйү окшош эле. Ошондуктан да бул тасманы көрүү мага абдан кызык болду”.

"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильми.
"үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) даректүү фильми.


Дагы бир шаар тургуну Айзада Космосбек да кызыктуу ойлору менен бөлүштү:

“Азыр фильм бүткөндөн кийин жан дүйнөмдө арсар сезимдер болуп турат. Бир чети негизги каармандын жан дүйнөсүндө болуп жаткан "кетем-калам" деген эки анжы сезимдери мага көп эмоция чакырды. Ага бир чети ачуулансаң, экинчи жагынан аяп, жан үрөп калат экенсиң. Анан да фильмде депутат келип, оогандыктарга катуу сүйлөгөнү да ачуумду келтирди. Айтор, ушундай буркан-шаркан сезим менен көрдүм. Фильм мага жалпысынан абдан жакты, муну көпчүлүк көрүшү керек деген ойдомун. Анан талкуу учурунда режиссёрге аялдар ачылбай, экинчи пландар калганы тууралуу собол салдым. Бирок Жаңыл Жусупжан аялдар тууралуу башка фильм тартам деген планы барын айтты”.


Ооган кыргыздары жөнүндө бир жарым саатка созулган бул толук метраждуу тасма француз-кыргыз продукциясы болуп эсептелет.

Аны Франция тараптын каржылоосу менен “Синедок фильмз” жана “Чагалдак” продакшндары бирлегикте тарткан.

Фильмдин операторлору Кристиан Ленонг жана Жаңыл Жусупжан, кураштырган Седрик Ларвуар. Тасмадагы музыканы кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев ойногон.

Тасма ээси Жаңыл Жусупжандын айтымында, бул эмгек Европада, Казакстанда жана Орусиядагы фестивалдарга Кыргызстандын атынан катышкан, ошондой эле жакында Алматыда Алтернатива Фильм тарабынан көрсөтүлгөн, Чехияда ж.б. басылмаларда чагылдырылган.
Фильм 2017-жылы башталып, 2023-жылы тартылып бүткөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG