Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Meken брендиндеги ноутбуктар чогултула баштады


"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому тараткан сүрөт.
"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому тараткан сүрөт.

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун алдындагы “Кыргызэлектроника” ишканасы Meken брендиндеги ноутбуктарды чогулта баштады. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” 25-июлда Фейсбук баракчасына жарыялады.

“Аталган ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет”, - деп жазылган маалыматта.

Июль айынын башында өлкөдөгү мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо үчүн “Кыргызиндустрия” менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда келишим түзүлгөн.

“Кыргызиндустрия” мекемеси быйыл мартта Кыргызстанда биринчи жолу ноутбук өндүрө баштай турганын жарыялаган. Мекеменин алдындагы "Кыргызэлектроника" ишканасы кытайлык Clovertek Industries компаниясы менен биргеликте иштей турганы айтылган.

XS
SM
MD
LG