Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

УКМК Оштогу сел боюнча мурдагы жетекчилер кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын Туран кичи районундагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө айыпталып, муниципалдык жооптуу кызмат адамдары кармалганын 24-июлда билдирди.

Маалыматта кармалгандар Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын экс-башчысы Т.А.А. экени, алар УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы тергөө абагына киргизилгени жазылган.

Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш. аттуу жаранга издөө жарыяланган.

УКМКнын билдиришинче, алар кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Ош шаарынын Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан, аянты 2,2 гектарга жакын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген.

“Жер тилкесин алгандан кийин И.А.Ш. жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдардын түбүн өз алдынча толтуруу жана тегиздөө иштерин жүргүзүп, кийин жеке турак жай курууга сатуу үчүн тегиз жер аянтын курган. Натыйжада, 2,2 га өлчөмүндөгү бирдиктүү жер тилкеси 30 жер участогуна чектөө жол-жобосунан өтүп, алардын ар бирине жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Андан ары жеке баюу максатында И.А.Ш. бөлүнгөн жер тилкелерин үчүнчү жактарга сатып, ал жерде учурда турак жай курулуп жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат билдиргендей, каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптаган. Туран кичи районуна жакын турак жайларды сел алып кетип, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралганы жазылган.

Мунун алдында Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 20-июлда Ош шаардык сотунда каралганын, алар эки айга камакка алынганын билдирген.

Жарыяланган инициалдар: А.Ж.М- Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовдун, С.И.Б - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаевдин, Т.А.А- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана С.А.Э - Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевдин аты-жөнүнө туура келет.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын, мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен. (DSh)

XS
SM
MD
LG