Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Түптө менчикке мыйзамсыз берилген 100 гектар айдоо жери мамлекетке кайтарылды


Түп району. Ысык-Көл облусу, Кыргызстан.
Түп району. Ысык-Көл облусу, Кыргызстан.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө аталган аймакта менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 100 гектар кайрак айдоо жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жер Түп райондук мамлекеттик администрациясынын мыйзамга дал келбеген токтомдорунун негизинде 4 дыйкан чарбасына өтүп кеткен.

Райондук прокуратура жогоруда аталган токтомдорду жана жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар менен кайрылып, жыйынтыгында ал толук канааттандырылган.

Натыйжада 37 млн 995 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Башкы прокуратура буга чейин да өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилери мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөрдү мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG