Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Аскер белети үчүн пара талап кылган кызматкер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы У. Б. аскерде альтернативдик кызмат өтөө жана аскер белети үчүн 30 миң сом пара талап кылууга шек саналып кармалды.

Аскер прокуратурасы жана Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери 5-июлда аны паранын бир бөлүгүн - 7 миң сом алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Шектүү Бишкек гарнизонунун камак жайына киргизилгени, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Былтыр декабрда "Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору эки кызматкери менен "коррупцияга" шектелип кармалган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG