Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Зыярат: Жакын коңшунун бир өрнөгү


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун "Азаттыкка" жазган сапар баяны.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Абдулпатто аксакал

Араван району аркылуу Өзбекстанга өттүк. Жанымда ОшМУнун окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов, жардамчым Манас жана операторубуз Усман бар. Чек аранын аркы тарабында эки унааны даярдап, Абдулпатто Мусурманкулов аксакал жардамчылары менен күтүп туруптур. Жылуу көрүштүк. Ушул кишинин чакыруусу менен келдим эле.

Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда Абдулпатто аксакал менен. 26-февраль, 2023-жыл. Бишкек.
Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда Абдулпатто аксакал менен. 26-февраль, 2023-жыл. Бишкек.

Экөөбүз мындан бир жарым жыл мурун Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда жолукканбыз. Тыкыйган улуттук допусу башына жарашкан, сакадай бойлуу, нур жүздүү аксакалга мээримим түшүп, атайын барып таанышкам. Телефондорду алмашканбыз. Ошондон бери кез-кез чалышып, ал-акыбал сурашабыз. Мени далай жолу зыярат кылууга өз чарбасына чакырган. Колум бошоп, сааты чыккан күн бүгүн экен. Мен Абдулпатто аксакал өзү айдаган унаанын алдыңкы олтургучунан орун алдым.

- Бул Мархамат шаары, - деди жолдо баратканыбызда өзү жашаган калаа менен тааныштырып, - Акимияты тээтигил жол чырактан солго бурулганда.

Жолдору аябай кенен экен. Өзбек жергесин бир топ эле кыдырдым. Чоң-кичине дебей бардык калааларынын борбордук көчөлөрүн эндүү салышарын байкадым. Шаар курууну арканды алыска таштап мерчемдешкени го.

Кең жолдо оңго бурулуп, кууш көчө менен жүрүп отуруп, өзүнүн чарбасына алып барды. Гектарлаган жерге тыт эгиптир. Тыттардын арасында помидор, керем (капуста), калемпир өстүрүлгөн.

- Тыттын 240тай түрү бар. Мына бул чоң жалбырактуу сортту кыйыштырып өстүрдүк. Автору менмин, - деди аксакал сыймыктана. - Тигил адам боюндай өскөнү бир жылдык көчөттөр. Берки жапыздары жакында эле эгилди.

- Уруктан өндүбү?

- Ооба.

Андан ары барсак түнт токойду элестеткен кооз бак жайкалат. Кара мөмөлүү тыт дарактар экен. Араларына дасторкон сыяктуу желим шалчалар жайылыптыр.

- Булар болбосо жерге түшкөн тыттар топуракка аралашып, жегенге жараксыз болуп калат. Тергенге, тазалаганга убакыт кетет. А муну дасторкондой эле ар тарабын көтөрүп топтой саласың.

- Урукту ушулардан аласыздарбы?

- Ооба.

Аксакалдын жергиликтүү чоңдор менен мыкты алакада экенин байкадым. Анын айтымында, Өзбекстанда акимдер, раистер инвестор тарта албаса, жумуштан кетет экен. Ушундай ишкер, иш билги адамдардын ири долбоорлору аркылуу гана соода-сатыкты оожалтып, инвесторлорду, шериктештерди кызматташууга кызыктырууга болот эмеспи. Ошондуктан бул киши менен эсептешип, сый-урматын жайына коюшса керек.

- Жакында эле Орусиядан делегация келип, ишибиз менен таанышты. Бак арасына столдорду коюп, семинар уюштурдук. Аябай пайдалуу иш-чара болду, - деп сыймыктана маалымдады аксакал.

Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөттөрү чарбасында. Нуржигит Кадырбеков, Э. Камалов жана Абдулпатто Мусурманкулов, 2-июнь, 2024-жыл
Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөттөрү чарбасында. Нуржигит Кадырбеков, Э. Камалов жана Абдулпатто Мусурманкулов, 2-июнь, 2024-жыл

Шыйпаң

Жолдун сол тарабына оймолоп кооздолгон чарпаялар орнотулуптур. Бери жагындагы арыктан шылдырап тунук суу агат. Алардан өтүп, солго бурулуп, тегерете тыкан, кооз курулган жайга кирдик. Бир кабаттуу, ичи таптаза, ыңгайлуу шарттары бар үй экен.

- Бул шыйпаңыбыз. Жатар конокторубуз ушул жерде түнөшөт, - деди Абдулпатто аксакал үстүндөгү шейшеп, төшөк, жаздыктары тыкан ирээттелген керебеттери бар жайлуу бөлмөлөрдү көрсөтүп.

Шыйпаң - чарба жүргүзгөн дыйкан, багбандардын эс алуу, тамактануу, ысыкта күндөн, ызгаарда сууктан калкалануу, зарыл учурда түнөп калуу үчүн курулган тамы. Бизнесмендердин кеңсеси сыяктуу. Демейде мейли дыйкан, мейли мал чарбачылыгында болсун, эч кандай шартын уюштурбай эле эптеп жамгыр-кардан, аптаптан, шамалдан калкалаган үстү жабык төрт дубалды тургузуп алышканын көрүп жүрөм. 1994-жылы университеттин биринчи курсунда экенибизде пахта тергени айыл чарба жумушуна жиберилгенбиз. Ошол жердеги бирине эркек балдар, бирине кыздар жайгашып, бир айдай жашаганбыз. Ортолукта очок, ашканасы бар жылаңач дубалынан жана терезелеринен башка эчтемеси жок эки тамды да шыйпаң дечүбүз.

- Мыкты делген мейманканалардан кем эмес экен, - дедим конок ээлеринин ар кандай жагдайды алдын алган камбылдыгына ыраазы боло. - Салкындыгын караңыз.

- Жайда ушундай салкын, кышта аябай жылуу. Дубалдары атайын ыкма жана технология менен жылчыксыз курулган.

Аксакал күнөсканаларды көрсөттү. Дубалдары суук жел өтпөгөндөй жасалыптыр. Ошон үчүн сыртта жыйырма даража ызгаар болуп турса да, ичинде суу тоңбочудай жылуулук сакталат экен. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн чатырына күндөн энергия алуучу жабдыктар жаткырылыптыр.

Жибектин шарапаты

Сөз учугу баягы чарпаяда жайылган дасторкон четинде уланды. Чытырман бак-дарактын көлөкөсүнөн теребел салкын болуп турганын айттым.

- Президентибиз бул жерге зыярат кылган. Алды менен атайын кызматтар баарын карап, текшерип чыгышты. Ал тургай абанын жылуулугун ченешти. Бул жерде Мархамат шаарынын борборунан 4 градуска, Андижан шаарына караганда 7 градуска салкын экен, - деди Абдулпатто мырза.

Мына мөңгүлөрдү сактоонун, керек болсо калыбына келтирүүнүн бирден бир жолу бак-дарактарды көбөйтүү, токой аянттарын кеңейтүү экенин эң сонун түшүндүргөн далил.

“Эмне үчүн башка нерсе эмес, тыт эгүүгө басым жасадыңыз?” деген суроого кенен жооп алдык.

Тыттын уругу. Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөт чарбасында Н. Кадырбеков, Э. Камалов, Д. Наватов жана Абдулпатто Мусурманкулов. 2-июнь, 2024-жыл.
Тыттын уругу. Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөт чарбасында Н. Кадырбеков, Э. Камалов, Д. Наватов жана Абдулпатто Мусурманкулов. 2-июнь, 2024-жыл.

Себептери көп экен.

“Биринчиден, Өзбекстанда эң көп жайылган пахта дыйканчылыгына караганда тыт өстүрүүнүн чыгымы жана убарачылыгы аз, ал эми кирешеси молураак. Жылдан-жылга суу тартыш болуп бараткан шартта сууну огеле көп талап кылган пахта өндүрүшү ошон үчүн 30 пайыздай кыскарыптыр. Тыт пахтага караганда сууну эки эсе аз ичет. Экинчиден, пахтаны жыл сайын жаңыдан айдайсың. Тытты бир жолу эксең, ондогон жылдар бою кайра жаңылоо зарылдыгы жок. Үчүнчүдөн, пахтаны элүү жыл бою эксең деле артыңдан ээн талаадан башка эчтеме калбайт. А тыт өстүрсөң, балдарыңа бак артат. Эң негизгиси, тыттын жалбырактары - жибек курттарынын азыгы. Демек, жибек өндүрүшү оожалат. Бул үчүн фабрика курулат. Ошого жараша жумуш орундары түзүлөт. Жибектен кездеме токуучу өзүнчө фабрика керек. Кездемеге сайма же кеште басуучу дагы кошумча цех зарыл. Ошентип, жумуш орундары эселей берет. Көрдүңүзбү, тыт өндүрүү жараяны ушул эле плантация менен токтоп калбайт. Улам башка жакшылыктарга себеп боло берет. Жибектин баасы башка чүпүрөктүкүнө караганда итабар жогору. Аялдардын миң сомдук көйнөгүнө бир аз эле жибек аралаштырсаң, наркы бир нече эсе артат”, - деп жүйөлүү ойлорун айтты Абулпатто аксакал.

Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөт чарбасында Н. Кадырбеков, Э. Камалов, Д. Наватов жана Абдулпатто Мусурманкулов
Абдулпатто аксакалдын Мархамат шаарындагы тыт көчөт чарбасында Н. Кадырбеков, Э. Камалов, Д. Наватов жана Абдулпатто Мусурманкулов

Көчөттү мал жеп кеткенде

Андан соң кеп нугу багбанчылыкка, кыргыз-өзбек бир туугандыгына, карапайым адамдар ортосундагы алакаларга, өткөн кеткен окуяларга бурулду. Абдулпатто абабыз СССР убагында кыргыздын көп жерлерин кыдырып, дос-жолдош күтүп, катташып жүрүптүр.

- Алай тарапта Таш-Короо деген айылда досум бар эле. Короосунда бак-шак жокко эсе экен. “Эмнеге дарак экпейсиңер?” десем, “бул жакта өспөйт” деп койду.

Таза аба, кара топурак, кооз жаратылыш, тунук суулуу керемет жерде кантип өспөсүн деп, биз жактан көчөттөрдү алып барып, чогуу эккенбиз. Кийинки жылы барсам, баягы көчөттөр жок. “Эмне болду?” десем, мал жеп кеткенин айтты, - деп кейиди аксакал.

Биз мал жандуу элбиз. Өзбек туугандар болсо жер иштетүүгө, бак өстүрүүгө маш. Эки өлкө чектешкен аймакта баратсаң, чек аранын эки тарабында бир тууган эки элдин бул өзгөчөлүктөрү, жөндөмдөрү даана чагылып турат.

- Мал менен багбанчылык бири-бирине душман экен, - деп көрө жүргөн көйгөйдү айттым. - Бизде эгилген көчөттөрдү мал майкандап кетсе, мал ээси жооп бербейт. А бирок багбан багын коргоп малга бир зыян жеткирсе, төлөйт. Менимче, бул адилетсиздик.

- Туура, - деп коштоду аксакал. - Отоо чөптөрдү жок кылуучу гербициддер малдын шилекейин изилдөөдөн улам ойлоп табылган. Себеби мал тиш тийгизип, шилекейи жугуп калса, дарак куурабаса деле жакшы түшүм бербейт.

Мен үчүн бул жаңы маалымат болду. Кээ бир өлкөлөр багбанчылыкка зыяны тийген малдын ээлерине очойгон айыппул салышы тегин жерден эмес тура. Өзгөнүн эмгегин сыйлаганды эле үйрөнсөк, бирөөнүн укугу башталган жерде башкасынын укук аяктаарын аңдасак, мал ээлери менен бак ээлеринин ортосунда жаңжалдар болбой калар деген үмүт менен чектелдим.

Пахта иши

- Чарбаңызда канча адам иштейт?

- Он беш киши. Сезонунда 150гө чейин жетет.

- Совет доорунда бир Мурад деген журналист жөнүндө өзбек сериалын көргөм. Акырында коррупцияга баткан бир башкарма өлтүртүп коёт. Ошол башкарманын прототиби Адылов деген ири мамлекеттик чарбанын башчысы деп уккам, - деп сөздү тарыхка бурдум.

- Ооба, Ахмаджан Адылов деген даңазалуу жетекчи бар эле. Убагында Өзбекстанды башкарган Шараф Рашидов менен дос болгон. СССРдин жетекчиси Брежнев менен да жакшы ымалада эле дешет. 1980-жылдардын ортосунда жаманатты болуп камалган. Мындай ишти душмандары уюштурган болуш керек. Чынында элге жакын, күйүмдүү, жөнөкөй, ишмер, адилеттүү жетекчи болгон деп айтышат. Башкарган чарбасында ысырапчылыкка жол бербептир. Мөмө-чөмөнүн жерге төгүлгөнүнөн өйдө жыйнатып, тышка сатып, акчага айландырып берчү дейт. Ошончо жер-жемишти сакташ үчүн адырдын боорун казып, жүк ташуучу унаа кирген ири муздаткыч курган экен. Ошол жерди “Адыловдун зынданы имиш, адамдарды камап, кыйначу жайы экен” деп аңызга айлантышкан. Бирок ал айып тастыкталбаган. Узак жылдар камакта болсо да, акыры бошоп чыгып, токсондөн өтө жашады. Эл арасында ал тууралуу жылуу пикирлер али да айтылат. “Кана эми азыркы жетекчилер да ошондой болушса” дегендерди угуп калам.

“Пахта иши” деп аталган Өзбекстандагы пахта өндүрүү жана сатуудагы алдамчылык, жемкорлук, уурдоолорго байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Адыловдун кармалып, камалганын бала кезимде айылдыктар кеп кылып калышчу. Демек, бул тергөө жараяны ошондогу СССРди дүң дедирген айтылуу окуя болгон. Ал айыптуубу же ак жеринен куру дооматка кабылдыбы, бир Алла Таалага белгилүү. Бирок эл ичинде бийик кадыр-барк менен эсте калганы жөн жерден болбосо керек. “Калк айтса, калп айтпайт” дейт эмеспи акылман элибиз. Кантсе да жаны жанатта болсун. Аз айып, мүчүлүштүктөрү болсо чейрек кылым абакта отуруп, бул дүйнөдө эле эсебин берген тура. Жараткан Алла эч бир жанды жалаанын торуна түшүрбөсүн.

Мамасали аяшатам

СССР убагында Өзбекстандын айрым райондорунун малдары кыргыз жайлоолоруна ташылып, жайы бою ошол жакта багылчу. Мал чарбачылыгына жооптуу өзбек аткаминерлери малчылардын акыбалы менен таанышып, аларга жакшы шарт уюштурганы байма-бай каттап турушчу. Абдулпатто аксакал да ошондой төбөлдөрдүн катарында кыргыз жергесине тынбай зыярат кылчу экен. Ошондон улам бизге, Кара-Кулжага ар жайда барып жүрүп чоң атам менен достошуп калган бир адамды эстедим.

- Мамасали деген аяшатам бар эле. Андижан облусунун Жалалкудук районунан болчу. Балким, тааныйсыз? - деп сурадым маектешимден.

- Мамасали дейсизби? - деп ушундай ысымдуу тааныштарын санай баштады Абдулпатто аба. Бирок жердиги башка чыгып жатты. - Фамилиясын билип берсеңиз. Жалалкудук бийликтери аркылуу бат эле табабыз, - аксакал ишенимдүү сүйлөдү.

Бирок фамилиясын билбейм. Билген чоң атам да, атам да азыр жок. Болбосо таптырып, бала-бакырасы менен байланыш түзүп, катташмакмын. Мамасали аяшатам ак жүзүнөн нуру албырган, орто бойлуу, кең далылуу, толмоч, жылдыздуу киши эле. Мени аябай жакшы көрчү. Ары-бери өткөндө үйгө тийип, кичинекей бала деп унутта калтырбастан мага да белек берип турчу. Өзбекстанда бышыкчылык эрте келет эмеспи. Биздин мөмөлөр эми горолоп жатканда дарбыз-коонун, өрүк-гиласин айдоочусуна көтөртүп кирип келген кездери эч эсимден кетпейт. Ал кабагы ачык, жайдары мүнөздүү киши эле. Бир жолу мага жаңы өзбек допусун белек кылган. Аныкына коноктоп Жалалкудукка да барганбыз. Дасторконун жайнатып, ак дилден меймандаган. Мен балакатка кирген жылдары СССР бузулуп, ортодогу каттоо үзүлдү. Ошондон кийин Мамасали аяшатамды көрбөдүм. Бир жолу тааныган кимдир-бирөө анын каза болгонун эшиткенин айткан эле. Ичим ачышты. Капаландым. Демек, аны менен кайра бул дүйнөдө көрүшүү насип болбоптур. Арман десе… Бейиштик болсун.

Абдулпатто аксакал, анын жардамчысы Дилшатбек, уулу Акмал биздин аябай сонун коноктошту. Берки экөөнү канча кепке тартсак деле кыска жооп айтып, жылмайып гана тим болуп отурушту. Өзбектердеги улуусу кеп курса, кичүүсү сөзгө ныпым аралашпаган адеп-эрежеге баа бердим. Мыкты сый көрүп, ыраазы болгондон көңүлдөр элжиреп коштоштук. Бизди баягы эки унаа менен Аравандагы Кара-Багыш чек арасына чейин узатып коюшту.

- Кандай болду? - деп сурадым жардамчым Манастан өзүбүзчө калганда.

- Аябай кыйын киши экен, - деп ал Абдулпатто аксакалга купуя таазим эткенин туюндурду.

Кандай акылман, колунан иш келген, берекелүү инсан деп ойлоп, аксакалга карата сыйым ого бетер артып, унаада термелип келе жаттым.

2024-жыл, 2-июнь

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG