Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Четтеги армияга жарамдуу орус жарандарынын паспорт алуусу кыйындайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жашаган орус жарандарына паспорт берүүнүн жаңы тартип, эрежесинин долбоорун жарыялады. Анда армияга жарамдуу жарандарга өз өлкөсүнө келип, аскер комиссариаттарына бармайынча паспорт берүүдөн баш тартса болору көрсөтүлгөн. Aл жерде мобилизацияга байланыштуу чакыруу тууралуу сөз болгон эмес.

Эрежеге ылайык, Орусиянын чет мамлекеттердеги элчиликтери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү армияга же альтернативдүү кызмат өтөөгө электрондук чакыруу алган жарандарга жаңы паспорт бербей кое алат.

Орусиянын президенти Владимир Путин бир жылдык жазгы аскердик чакыруу жөнүндө жарлыкка март айынын аягында кол койгон. Ага ылайык, аскерге чакыруу 1-апрелден 15-июлга чейин созулуп, 150 миң адамды кабыл алуу пландалып жатканы айтылган.

Жыл башынан тарта күчүнө кирген жаңы эрежеге ылайык, армияга 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы жарандар чакырылат. Буга чейин аскерге чакыруу курагынын жогорку чеги 27 жаш менен чектелчү. 2023-жылдын декабрынын аягына чейин 27ге толгон орусиялыктар аскерге алынбайт.

Орусиянын Башкы штабы буга чейин аскерге милдеттүүлөр Украинадагы согушка тартылбай турганын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, буга чейинки күзгү чакырууда 130 миң адам армияга чакырылган.

Орусия Украинага каршы согуш ачып, бастырып киргенден бери бул мамлекеттен миңдеген адам, негизинен аскерге жарамдуу эркектер башка өлкөлөргө чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG