Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Кыргызстан-Малайзия биргелешкен комиссиясынын иши жандандырылат


"Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринен алынган сүрөт.
"Ала-Тоо 24" каналынын түз эфиринен алынган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 32 жыл болгонуна карабай, кызматташунун толук дарамети ачылбай келгенин белгиледи. Мындай пикирин 15-майда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жасаган биргелешкен билдирүүдө айтты.

Эки лидер Бишкекте туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу тууралуу сүйлөшүштү. Тийиштүү макулдашууларга кол коюлду.

Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамын ачуу, эки өлкө ортосундагы биргелешкен комиссиянын ишин жандантуу сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Аталган комиссия ортодогу алака-катышты өнүктүрүү үчүн 1997-жылы түзүлүп, кийин иши токтоп калган.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Куала-Лумпур менен Бишкек экономикалык, маданий багытта алаканы кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкө адал индустрияны өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты жандантарын айтты.

Анвар Ибрагим Бишкекке расмий сапар менен 14-майдын кечинде келген.

Эки мамлекеттин дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Бишкек Азияда тез өнүгүп жаткан бул мамлекет соода-экономикалык байланышты күчөтүүнү көздөйт.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн “Адал-парк” ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашкан. Маалыматта бул долбоор азык-түлүк гана эмес, туризм жаатындагы кызматташтыкты камтый турганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG