Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Грузияда нааразылык акцияга чыккандар чагымга кабылганын айтышты


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршылыгын билдирип чыккандарга 3-майга караган түнү чагым жасалганын, акция өтүп жаткан жерге бир нече киши барып, айрымдарды ур-токмокко алганын «Азаттык» радиосунун грузин кызматы билдирди.

Окуянын күбөлөрүнүн бири, өзүн Нана Багалишвили деп тааныштырган айым "Жарандык кийимчен, узун бойлуу кишилер, күзөт кызматкериби же спортчубу, айтор, бир кишини машинасында отурган жеринен баласынан көзүнчө катуу сабашты", - деп айтып берди.

Көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жана оппозициялык партиялар Ички иштер министрлигинен (ИИМ) кол салган спорттук дене түзүлүштөгү, кара киймчен эркектер тобу кимдер экени тууралуу суроосуна жооп күтүп жатышканы белгиленди.

«20-25 жаш курактагы сакалчан эркектер демонстранттар турган жерге бир нече машина менен кирип барды. Велосипедчен бир кишини коюп кетип, тепкилешти. Бир демонстранттын бети-башы канап, тиши сынды. Алдынан чыккандарды ур-токмокко алышты», - деп айтылды маалыматта.

Оппозициялык партиялар бийликти «митингден кийин үйүнө кайтып бараткан адамдарга каршы криминалдык топторду колдонду» деп айыптады.

11-майда Тбилисиде масштабдуу акция өтөрү жарыяланды.

Орусиянын «чет элдик агент» мыйзамына окшош деп оппозициянын нааразылыгын жараткан мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда карап, кабыл алган. Бул жараян борбор калаа Тбилисиде он миңдеген адамды бириктирген нааразылык акциялары менен коштолууда. 29-апрелде бийлик антимитинг уюштурду, ошол эле күнү социалдык түйүндөрдө ага катышкан бюджеттик кызматкерлерди борбор калаага атайын ташып барышканы тууралуу видеолор жарыяланды.

Мыйзамга каршылыгын билдирип чыккандарга полиция күч колдонуп, кеминде 15 адам жараат алды, 63 адам камакка алынды.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген "чет элдик агент" мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы каршы чыккан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, айрым конгрессмендери жана сенаторлору грузин бийлигин мыйзамды кабыл албоого чакырып, аны орус президенти Владимир Путиндин «антидемократиялык инструменти» деп аташты жана Кошмо Штаттардын демократиялык өнөктөшү болгон, Европа Биримдигине талапкер макамын алган Грузиядагы мындай демилге кооптонууну жаратып жатканын белгилешти.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтты.

Мыйзам "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот, бул мыйзам менен бийликти сындагандардын "оозун жабууга" жол ачылат. (RK)

XS
SM
MD
LG