Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Өгөй атасынан запкы көргөнү айтылган үч жашар кыз мурда да катуу сабалганы аныкталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Өгөй атасынан запкы көргөнү айтылган үч жашар кыз мурда да катуу сабалганы маалым болду. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 13-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдиргендей, тергөөчүлөр мурда наристенин буту, кабыргалары сынганы, мээси чайкалганын аныктады.

"Эки-үч ай мурун буту сынып ооруканага жаткырылган экен. "Кулап кетип бутун сындырып алды" деп маалымат берилген экен. Териштирүүдө өгөй атасы сындырганы маалым болду",- деди Аширхожаев.

Шектүү камакка алынган. Баланын апасы да кармалып, беш айлык боюнда бар болгону үчүн бошотулган.

Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде өгөй атасы үч жаштагы кызды катуу сабап, аны ит кепеде түнөөгө мажбурлаганы тууралуу маалымат 4-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан. Кызды анын тууганы таап, ооруканага жаткырганы айтылган. Милиция наристенин денеси көгала экени аныкталганын, шектүү кармалганын билдирген.

8-май күнү адвокат Шердор Абдыкапаров Инстаграмдагы баракчасында кыздын апасы жолдошуна каршы тосмо арыз жазууга камданып жатканын маалымдаган.

24-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.

Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал былтыр 17-ноябрда атайын кызматтын Чүй облусунун Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG