Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 79 жылдыгы белгиленүүдө. Бишкекте жана Ош шаарларында атайын иш-чаралар өттү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматында, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.
Бишкекте Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

1
9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

2
Иш-чарада алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди.

3
Реквиемге Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, согуштун ардагерлери, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.

4
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматында, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

5
Мындан кийин Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында жетекчилер согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик тамактан ооз тийишти.

6
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

7
Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элдин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгиледи. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

8

9

10

11

12

13

14

15
Ош шаарында да Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.

16
Ош гарнизондук аскер бөлүктөрүнүн жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду.

17

18
Ош шаарынын борбордук аянтында концерттик программа өттү.

19

20