Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстан чет элдиктерге 25 миң жумушчу орун бөлдү


Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бири. Акыркы кезде чет элдиктер тигүү тармагына көп тартылууда. Иллюстрациялык сүрөт
Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бири. Акыркы кезде чет элдиктер тигүү тармагына көп тартылууда. Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинети 2024-жылы чет элдиктердин Кыргызстанга келип иштешине 25 миң квота бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашты.

2-апрелге карата Кытайдын 1146, Пакистандын 371, Бангладештин 207, Өзбекстандын 152 жаранына иштеш үчүн уруксат берилди. Бул төрт өлкөдөн келгендер Кыргызстандагы мигранттардын басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Министрликтин маалыматында башка мамлекеттердин жарандары да бар экени айтылат, бирок алар аз.

Мурдараак аталган министрлик кыргыз жарандарынын арасында жумуш издегендердин саны 65,1 миң киши деп эсептелип, былтыркыдан 12% азайганын билдирген. Алардын теңинен көбү Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарына туура келет.

Бул 2024-жылдын 1-мартына карата иш издеп жүргөндөрдүн расмий каттоого алынгандагы эсеби. Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, 131 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Анда Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экени айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG