Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Баку төрт кыргызстандык жаранды Бишкекке өткөрүп берди


УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен төрт кыргызстандык Бишкекке өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бул тууралуу 26-мартта мамлекеттик "Азертаг" маалымат агенттиги жазды. Алардын аты-жөнү белгиленген эмес.

Андан тышкары Кыргызстанда кармалган беш азербайжандык боюнча расмий Бишкекке маалымат берилгени жазылган.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда кармалгандар шектүүлөрдүн бири буга чейин Орусиянын аймагында, дагы бири Азербайжанда соттолгон.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов Азербайжандын Баку шаарында экени аныкталганын, ага байланышы бар азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстанда кармалганын билдирген.

Ал эми Матраимов Азербайжандын баш калаасында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдирди.

Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир туугандарынын бирөө кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. Матраимовго издөө жарыяланган. Ал өзү коюлган айып боюнча пикирин билдире элек.

XS
SM
MD
LG