Москвадагы теракт 137 кишинин өмүрүн алды
“Крокус Сити Холлдогу” терактка шектүү төрт кишини Москванын Басман райондук соту эки айга камады. Алардын баары коюлган айыптарды мойнуна алганы кабарланды. 22-марттын кечинде болгон куралдуу кол салуу 137 кишинин өмүрүн алды, жабыркагандардын саны 180ге жетти. Алардын көбүнүн абалы оор.