Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

БУУ Газага жардам жеткирүү үчүн шарт түзүүгө чакырды


Газа сектору.
Газа сектору.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Израилди Газадагы жай тургундарга тийиштүү жардамдын жеткирилишине шарт түзүүгө чакырды. 24-мартта Египеттин борбору Каирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал чукул арада атышууну токтотуу, гуманитардык тыныгуу жарыялоо керектигин, биринчи кезекте аялдар жана балдар кыйналып жатканын айтты:

«Күн сайын палестиналыктардын адамдык ар-намысына кол салуу болуп жатат – бул эл аралык коомчулукка болгон ишеним үчүн кризис жаратууда. Бул жалпыбыз үчүн жарыяланган баалуулуктар үчүн коркунуч. Эл аралык укук нормаларына, гуманитардык принциптерге, адамкерчиликтин негиздерине каршы коркунуч».

Гутерриш Египетте Газадан жеткирилген бейтаптар дарыланып жаткан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышты.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 32 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG