Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Абактагы активисттер: Исаковдун начарлаган саламаттыгы, Жоробековдун үчүнчү экспертизасы


Афтандил Жоробеков жана Гүлжигит Исаков. Коллаж сүрөт.
Афтандил Жоробеков жана Гүлжигит Исаков. Коллаж сүрөт.

Туунун өзгөрүшүнө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун ишин кароо убактылуу токтотулду. Буга Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясынын лингвистикалык экспертиза дайындаганы себеп болду.

Ал арада "бийликти басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталып тогуз айдан бери абакта жаткан дагы бир активист Гүлжигит Исаковдун саламаттыгы коркунучта экени айтылды.

Бир иштеги үчүнчү экспертиза

Ленин райондук сотунун судьясы 20-мартта камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кароону убактылуу токтотту. Буга экспертиза дайындалганы негиз болгонун райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Бул туунун өзгөрүшүнө каршы чыкканы үчүн “Массалык башаламандык” беренеси менен айып коюлган активисттин соттук териштирүүсүндөгү үчүнчү экспертиза болуп калды.

Алгачкы экспертиза боюнча 12-январдагы отурумда лингвистикалык эксперт Нурлан Сакбаев көрсөтмө берген. Анда түшүнүксүз жагдай орун алган эле. Тагыраагы, эксперт Сакбаев сотто көрсөтүлгөн тасма менен ага тергөө берген тасма эки башка экенин билдирген.

Адвокаттар эксперттин берилген суроолорго так жооп бере албаганына нааразы болуп, кайра көз карандысыз экспертиза өткөрүү өтүнүчүн келтирип, судья аны колдогон.

Адвокат Жаныш Бараков көз карандысыз эксперттин корутундусу Жоробековдун кайрылуусунда башаламандыкка чакырык жасоонун белгиси жок деп чыкканын билдирди.

“Суракта эксперт баарын чечмелеп берди. Экспертиза жүргүзүүдө ар кандай методикалар бар экенин, ага салып караганда кайрылуу негативдүү формада болгонун, бирок бул форма экиге бөлүнөрүн айтты. Анын бири мыйзамга каршы келбейт, жаран өзүнүн укугун колдонуп, ой-пикирин, сын-дооматын айта алат деп түшүндүрдү. Ошол себептүү судья экспертизанын жыйынтыгы эки түрдүү болуп калганын негиз кылып, өзүнүн демилгеси менен кайра лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү сунуштады. Буга прокуратура да, адвокаттар да каршы болдук”, - деди Бараков.

Ал адвокаттар буга чейинки эки экспертизанын жыйынтыгына карап чечим чыгарууну сунуштаганын кошумчалады. 20-марттагы отурумда адвокаттар Жоробековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, судья муну канааттандырган эмес. Ошентип, Жоробековдун абакта калганына үч жарым айга чукулдады.

Активисттин жакындарынын дооматы

Активисттин апасы Бегайым Аккулова уулунун жоопко тартылып жатканын укук системасындагы башаламандык катары баалады:

“Президентибиз деле “өз пикириңерди айтышыңарга мен да макулмун, ошондуктан Горький гүлбагын бөлүп койдук” деп айтып жатпайбы. Эмне үчүн президенттин да сөзүн угушпайт? Ошол күнү Афтандил акцияны Горький гүлбагында өткөрөрүн жазган жана буга милициядан уруксат алган. Ошолордун баары эске алынбай, эксперттин чечими тайкы болуп жатса, тергөө дагы башка нерсени айтып жатса... Бул жерде алар Афтандилдин тагдырына балта чаап жатышат”.

Ленин райондук сотунда 29-февралда Автандил Жоробековго айыбы угузулган. Анда мамлекеттик айыптоочу активистке тууну өзгөртүүгө каршы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусундагы чакырыктар боюнча айып тагылганын айткан. Ал "Беспредел kg" баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга, масссалык башаламандыктарга, Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана саясий абалды курчутууга багытталган ар кандай чакырыктарды айтып, видео кайрылуу жасаганы” белгиленген. Жоробеков муну өзү төгүндөп, мыйзам бузбаганын белгилеп келет.

Жоробековдун жубайы Мээрим Садыкова активисттин ишин күч органдары жана сот адилет карабай жатат деген пикирде:

“Биздин үйүбүздү тинтүүгө алгандан кийин берген маалыматында күч органдары 30 ноутбук, 3-4 телефон табылды деп, муну кылмыштуу аракет катары шардана кылышкан. Кийин алар өздөрү экспертиза жүргүзүп, ал каражаттар таза экенин, эч кандай күмөндүү маалымат табылбаганын айтып чыгышты. Баштапкы маалыматты текшербей эле келген тапшырмага карап айтып коюшту. Алар муну терең териштиргиси да келбейт. Эксперт кандай баяндама жаса десе, ошону кылды. Судья тапшырмага ылайык чечим чыгарды. Бул жерде эч кандай мыйзамдуулук жок”.

Жоробеков каршы чыккан тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга былтыр 22-декабрда президент Садыр Жапаров кол коюп, 8-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына жаңы кабыл алынган туу илинген.

Активист Гүлжигит Исаковдун абалы оор экени айтылды

Ал тапта “массалык башаламандыктарга” же “бийликти басып алууга даярдык көргөн” деген кине коюлуп, бир нече саясатчылар, активисттер камакка алынып же кылмыш ишинде шектүү катары тергелүүдө. Алардын бири бийликти социалдык тармактар аркылуу байма-бай сындап жүргөн, тогуз айдан бери тергөө абагында жаткан активист Гүлжигит Исаковдун абалы начарлаганы айтылууда.

Адвокат Сартпай Жайчыбеков аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылбай жатканын “Азаттыкка” билдирди:

“Анын бир эле бөйрөгү бар экен. Ошол бөйрөгү ооруп жатыптыр. Азыр өзү коркуп турат. Сотко үй камагына чыгаруу боюнча бир нече жолу өтүнүч бергенбиз. Бирок канааттандырган жок. Мунун абалы кооптуу болуп турат. Биз кайра-кайра жазабыз, дарыгерлер сууктан, шамалдан сактансын деп жазып берет. Ал жерде сактана албайсың да”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаковду, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованы, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаевди жана дагы эки кишини камакка алган. Алар "чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы маалым болгон.

Учурда иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 28-мартка коюлган.


Кыргыз бийлиги “массалык башаламандык” же “бийликти басып алууга аракет кылган” деген кине коюлган саясатчы-активисттердин камакка алынышы тууралуу утур-утур пикирин билдирип, алардын аракетин айыптап келет. Президент Садыр Жапаров соңку ирет “Кабарга” берген маегинде “митингден коркпой турганын” жана бийликти алмаштыруу үчүн митингге чыккандарга аёосуз мамиле болорун эскерткен:

"...Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик үч эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, жөлөк пулдарды жапкан акыбалга келип калбадык беле. “Сырткы карыздан кантип кутулабыз?” деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер “мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен” деп митингге чыккандар болсо, башынан сылап олтурбайбыз".

2022-жылы Бишкекте тынч митингдерди өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү улам узартылып келүүдө. Эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар мындай чектөө адам укугуна каршы келерин белгилеп, расмий Бишкектин дарегине көп ирет кайрылган.

XS
SM
MD
LG