Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Отуздан ашуун эл аралык уюм Жапаровду "чет элдик өкүл" мыйзамына кол койбоого чакырышты


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 2023-жылдын 10 июну. Бишкек.

Бир катар өлкөдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюм бүгүн 20-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «чет элдик өкүл» мыйзам долбооруна байланыштуу ачык кат жолдошту. Анда Кыргызстандын бул мыйзамга каршы чыгып жаткан уюмдарына тилектештик айтылды.

АКШ, Армения, Беларусь, Бельгия, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Польша, Украина, Швеция жана башка өлкөлөр боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар, «Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду», «Адам укуктары боюнча эл аралык федерация», «Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм», Amnesty International уюмдары кол койгон катта эгер бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы демократияга, жарандык коомдун өнүгүүсүнө олуттуу зыяны тиери белгиленди.

Алар кыргыз президентин бул мыйзамга кол койбоого чакырышты, андагы нормалар өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келерин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, акыйкаттыгын камсыз кылуучу жарандык коомго басым болорун айтышты.

Катта Кыргызстанга экономикасына, өнүгүүсүнө жардам берип жаткан эл аралык программалар үчүн коркунуч жаралары, өлкөнүн жетишкендиктерине бөгөт коюлушу ыктымал экени айтылды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта “чет элдик өкүл” деген атка конгон.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок" экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG