Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21
Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Варшавадагы форум: Кыргызстанда, Европада ийгиликке жеткен аялдар

Бүгүн 9-мартта Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өттү.

14:30 9.3.2024

Варшавада Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форуму өтүүдө

Бүгүнкү форумду Польшадагы кыргызстандык кыз-келиндердин "Данакер" уюму Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция жана адам сатууга каршы кеңеши менен биргеликте уюштурууда. "Данакердин" жетекчиси Айтолгон Боронбаева "Азаттыкка" билдиргендей, негизги максат - Европа аймагында окуган, иштеген кыргызстандык кыз-келиндерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, укугун коргоо жана алардын өнүгүшүнө жардам берүү

"Үч баалуулугубуз бар - интеграция, колдоо жана маданий мурас. Биздин уюмдун түзүлгөнүнө бир жыл боло элек. Ишмердүүлүгүбүздү жалпы Европа аймагына чыгарабыз деген максат койгонбуз. Бүгүн мына ошол максатыбызды ишке ашыруу жолундагы алгачкы кадамыбыз болууда".

Айтолгон Боронбаева.
Айтолгон Боронбаева.

14:39 9.3.2024

Форумга Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, депутаттары Элвира Сурабалдиева, Гуля Кожокулова, Айбек Маткеримов, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Эл аралык миграция уюмунун, ЮНИСЕФ уюмунун, жергиликтүү бийликтин, диаспоралардын өкүлдөрү катышууда.

Талкуу "Европадагы кыргызстандык кыз-келиндеридин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү", "Интеграция менен мурасты айкалыштыруу" жана "Аял укугу, мыйзамдуу жолдор жана адам аткезчилигине каршы күрөшүү" деген үч негизги багытта уюштурулууда.

15:08 9.3.2024

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Польша, Германия, Украина жана Чехия өлкөлөрүндөгү өкүлү Азамат Исмаилов:

"Форумдун максаты - Европадагы биздин айымдар Кыргызстанга кандай салым кошо алат, алардын укуктарын коргоо жаатында кандай иштерди алып барабыз деген суроону талкуулоо. Ишкер катары биз бүгүнкү иш-чараны колдоп берүүнү чечтик. Европанын бир катар аймагынан келген мыкты айымдарыбыз катышып жатышат. Мыйзам чыгаруу органынан келген биздин депутаттарыбыздын катышуусу да маанилүү, себеби алар Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоого, жардам көрсөтүүгө багытталган мыйзамдардын кабыл алынышына жардам берет деп үмүттөнөбүз".

15:44 9.3.2024

Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форумунда сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев кыргызстандык аялдардын коомдук жашоодогу активдүүлүгү, эрдиги жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланып келгенин белгиледи:

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

Кыргызстандын эгемендиктин алгачкы жылдарында башынан өткөргөн өткөөл мезгилинин кризис жана туруксуздук абалында аялдардын ролу чоң болгонун, алар экономиканын өнүгүшүнө мыкты салым кошо алганын айтты. Миграция процесси да аялдарды кыйгап өтпөгөнүн, бирок азыркы кыргызстандык мигрант аялдын образы алгачкы жылдардагыга салыштырганда кыйла айырмаланып турарын, алар оболу билим алууга, илимий жана маданий жактан өнүгүүгө умтулуп, үй-бүлөсүнө гана эмес, ошол жашап жаткан өлкөдөгү коомдун өнүгүүсүнө да салымын кошо башташканын белгиледи.

Эмгек миграциясы өз кыйынчылыктары бар процесс экенин, Кыргызстан да сырттагы жарандарынын көйгөйлөрүн чечүү багытында иштеп жатканын айткан вице-спикер парламент төрагасына караштуу атайын кеңеш миграция процессин жөнгө салуу, адам аткезчилигине каршы күрөшүү, мигранттардын эмгек укуктарын коргоо багытында мыйзамдарды, демилгелерди сунуштап, иш жүргүзүп келатканын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG