Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28
Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Варшавадагы форум: Кыргызстанда, Европада ийгиликке жеткен аялдар

Бүгүн 9-мартта Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өттү.

17:38 9.3.2024

Гүлшан Тыныстанова: Форум тажрыйба алмашуубуз үчүн өтө маанилүү аянтча болуп жатат

Европадагы кыргызстандык аялдардын алгачкы форуму биринчи кезекте тажрыйба алмашуу, таанышуу, маселелерди биргелешип чечүүгө шарт түзүү жагынан өтө маанилүү аянтча болууда. Бул тууралуу Испаниядагы кыргыздар диаспорасынын мүчөсү Гүлшан Тыныстанова билдирди:

“Европага келген кыргыздардын эки-үч түрү бар десек болот – студенттер, мыйзамсыз мигранттар жана мыйзамдуу жол менен келген мигранттар. Студенттер кээде тилден кыйналышат, жашаганга жер табуу жагынан да айрым учурда маселе жаралып калышы ыктымал, себеби үй ээлери студенттерге ижарага берүүдөн чочулашат. Бизде Испанияда элчилик жок. Албетте, бул жакта кыргыздар аз болгондуктан азырынча элчилик ачууга мүмкүнчүлүк жок, бирок өзүнчө байланыш линиясын ачып беришсе же өзүнчө адис бөлүп беришсе жакшы болот эле. Себеби биз кандайдыр бир маселе жаралса, Францияга барып-келүүгө мажбурбуз. Эмгек укубуз бузулган учурлар дээрлик жок деп айта алам. Бирок мыйзамсыз жолдор менен келгендерде көйгөй жаралбай койбойт. Бүгүнкү форум бири-бирибиз менен таанышуу, тажрыйба алмашуу жагынан өтө маанилүү болуп жатат. Себеби, чогуу иштесек көп маселелерди чечүү оңой болору шексиз”.

17:06 9.3.2024

Бурмачач Томоева: Мыйзамсыз миграция уюштурган фирмалар көзөмөлгө алынышы зарыл

Форумдун катышуучусу, Италиянын Милан шаарындагы кыргызстандыктардын ассоциациясынын жетекчиси Бурмачач Томоева сыртка барып иштеген аялдарды коргоо, алар туш болгон кыйынчылыктарды алдын алуу Кыргызстандан башталышы керек деп эсептейт.

Томоеванын пикиринде, мыйзамсыз миграция уюштурган фирмаларды кыргыз бийлиги тыкыр көзөмөлгө алышы зарыл:

“Бизге миграцияга аял кишилер көп келет, алардын көйгөйлөрү да арбын. Үй-бүлөсүн таштап келгенден кийин депрессияга чалдыккандары көп, ошондуктан алар психологиялык жардамга, кеп-кеңешке муктаж. Биз бул багыттагы колдоо ишибизди биргелешип жүргүзсөк пайдасы чоң болот. Андыктан "Данакер" уюштуруп жаткан бүгүнкү жолугушуу абдан маанилүү. Экинчи маселе – балдарыбыз эки-үч тилде сүйлөшөт, бирок алардын эне тилин да унутпашы, улуттук маданиятын да билиши өтө маанилүү, бул багытта да ишибизди күчөтүшүбүз зарыл. Албетте, орчундуу көйгөй – мыйзамсыз миграция күчөдү. Документи туура эместер бул жакка келгенде алардын укугун коргоо да өтө оор. Ошондуктан Кыргызстандын бийлиги бул жакка жумушка жөнөтүп жаткан фирмаларды тыкыр көзөмөлгө алышса жакшы болот эле".

16:32 9.3.2024

16:05 9.3.2024

Өмүрбек Текебаев: Европада “Кыргыз кызы” айкели орнотулат

Бул тууралуу бүгүн 9-мартта Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форумунда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө окуп, билим алып жаткан кыргызстандык кыз-келиндердин интеграциясындагы ийгиликтерди белгилеп, алды ошол мамлекеттин жергиликтүү бийлик органдарына депутаттыкка ат салышкан деңгээлге жетишкенин кошумчалады:

Айкелчи Тамила Маматова жасап жаткан эстелик, Текебаевдин айтымында, “Кыргыз кызы” деп аталат жана Германиянын бир шаарына орнотулганы турат:

“Силердин бул жерге келип иштеп, окуп, тажрыйба топтоп жүргөнүңөр биздин тарыхыбыздын бир чоң этабы. Европага келип, ат салышып, жергиликтүүлөр менен тизгин талашып, бизнес ачып иштеп жүргөн кыздарыбызды көрүп жатабыз. Сиздерге колдон келген жардамды бергенге даярбыз”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG