Ак-Жар - 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда жер басып алуудан пайда болгон конуштардын бири. Мындан улам көпчүлүк тургундар үйүнө документ ала албай, мыйзамсыз жашап келген. 2021-жылы жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Ак-Жардагы үйлөргө да кызыл китеп бериле баштаган. Конуш жакында Бишкек шаарынын курамына киргени турат. Мындан улам Ак-Жарда жер тилкеси беш эсе кымбаттап кеткен. Мисалы, эки жыл мурун бир участоктун баасы 4 миң долларга сейин сатылса, азыр 17 миңден 20 миң долларга чейин бааланат. Ак-Жарда жер тилкеси кымбаттаганы менен, жашоо-шарт, жолдордун абалы дагы деле кейиштүү абалда. Транспорт көйгөйү курч. Шаарга чейин эки маршруттук каттам кирген. Эртең менен коомдук транспортко батпай калган балдар мектепке жөө-жалаңдап барат.
Суу, мектеп, ФАП жок. Өгөйлөнгөн Ак-Жар
Ак-Жар конушу "Дордой" базарынын жанында, шаардын түндүк тарабында жайгашкан. Аянты 150 гектарга чукул. Туруктуу жашаган калкынын саны 10 миңден ашат. Айылда мектеп, оорукана, бала бакча маселеси чечилген эмес. Ал эмес жер тилкелерин мыйзамдаштыруу кыйын болгондуктан, жарык жана ичүүчү суу маселеси да чечиле элек.

1
"Ак-Жарга оңой менен Тез жардам келбейт. Келсе да эки-үч саат дегенде келет," дейт Ак-Жар конушунун тургуну Асел.

2
Ак-Жарда жалпы 48 көчө бар.

3
Ак-жар конушу

4
Ак-Жарда мектеп, бала бакча, ФАП жок, бирок үч мечит бар.

5
Ак-Жарда суу, жол жана транспорт көйгөйү курч бойдон калууда.

6
Жол боюнча сатылган күйүүчү май.

7
Айрым тургундар ижарачылар үчүн ушундай үйлөрдү тургузган.

8
Ак-Жар жаңы конушунун кире бериши.

9
Ак-Жарга кызыл китеп бере баштагандан кийин жердин баасы эки эсе кымбаттаган. Мисалы 2020-жылы жер тилкесин 4000 доллардан 8000 долларга сатып алууга мүмкүн болсо, азыр 17 миң доллардан 20 миң долларга чейин сатылат.

10
Ак-Жарда үйүнүн короосуна бөлмөлөрдү куруп, аны батирге бергендер көп.

11
Ак-Жар "Дордой" базарына жакын болгондуктан бул конушта тигүү цехтери да көп.

12
Конуштун тургундары кышкысын үйүн көмүр менен жылытат. Айрым тургундар кээде желим, цехтен чыккан кездеменин өөндөрүн жагылып, абаны булгап жатканына даттанышты.

13
Конуштагылар мурда таштанды талаасынын түтүнү да каптаганын айтышты. Бул жакка газ кире элек.

14
Ак-Жарда мектеп жоктугунан балдар кошуна Келечек, Ак-Бата, Дордой жаңы конуштарындагы мектептерге барып келип окушат.

15
Ак-Жарда ФАП жоктугунан жол боюндагы дарыканалардын дубалына илинген "укол же капельница алууга болот" деген жазууларды көрүүгө болот.

16
Ак-Жарга эки эле маршрутка каттайт.

17

18

19