Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

"Чалбасы кыргыздары" тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды


Прага шаары. "Чалбасы кыргыздары" тасмасы көрсөтүлүүдө.
Прага шаары. "Чалбасы кыргыздары" тасмасы көрсөтүлүүдө.

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн тагдыры тууралуу баяндаган “Чалбасы кыргыздары” документалдуу тасмасы 27-февралда Чехиянын борбору Прагада изилдөөчүлөрдүн чакан чөйрөсүндө көрсөтүлүп, талкууланды.

«Сталиндик депортациялар: кулакка тартылган жана Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар» деген темадагы дискуссияга тарыхчылар, изилдөөчүлөр, бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар катышты.

Тасманы “Эсимде” изилдөө тобу 2021-жылы Украинанын Херсон, Одесса, Киев аймактарын кыдырып, Кыргызстандын өзүндө да маектерди уюштуруп, архивдик документтерди, сүрөттөрдү, күбөлөрдүн жана урпактардын эскерүүлөрүн изилдеп жүрүп тарткан.

Кыргызстандын XX кылымдагы жана XXI кылымдын башындагы көмүскөдө калган тарыхын изилдөөгө арналган "Эсимде" долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбаева жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди, тарыхый эс-тутумдун адамзаттын келечек жашоосундагы маанисин белгиледи.

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдүн тагдырын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат.

Украинанын Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары "кулак", "эл душманы" деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине 2013-жылы эстелик тургузулган. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500 чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды "Кыргыз мазар" деп аташат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG